super.kg logo

Эмилбек Каптагаев: "Жапаров менен саясий душман болуп жүрөбүз, бирок ага эч кандай доом жок"

 

Бүгүн, 30-июнь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурдагы депутат Садыр Жапаровдун соту өтүүдө. Соттук отурумдун жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун мурдагы башчысы Эмилбек Каптагаев көрсөтмө берип, Садыр Жапаровго эч кандай доосу жок экенин айтты.

чурда Жапаров менен саясий душман болуп жүрөбүз. Мен Ысык-Көлгө башчы болуп барганда күн сайын митинг болуп жатты. Мени барымтага алган күнү Алматыда Тоо туризми боюнча жыйын өтмөк. Мен ошол жакка бармак элем. Бирок ал күнү митингдин айынан Казакстанга барбай калдым. Андан соң митингчилерге келип маселени чечели деп сүйлөштүк. Ошол учурда Жумабаев мени кармап туруп алды. Аңгыча атчан адамдар келип "алгыла кеттик" деп мени жулкулдатып унаага отургузуп, бензин чачышты. Мени менен отурган адам алдыда зажигалка ойноп отурду. Мен "өлгүң келип жатабы" дедим. Ал ага болгон жок. Капыстан өрт чыгып бензин чачылган чүпүрөк күйүп кетти. Дагы жакшы күйгөн чүпүрөк унаанын айнегинен сыртка түшүп калды. Окуянын жүрүшү ушундай болгон", - деди Каптагаев.

Ал эми Садыр Жапаров жабырлануучу Каптагаевге "митингди мени уюштурду деп уктуңузбу?" деп суроо берди. Каптагаев ага "мен андай сөздү уккан эмесмин" деди. Ошондой эле ал Жапаровго эч кандай дооматы жок экенин дагы билдирди.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-мартында Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде аны чек арадан УКМКнын кызматкерлери кармап кеткен. Ал "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. 26-мартта Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө Бишкектеги №1-тергөө абагына камалган. 6-апрелде Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Ал эми 24-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жапаровду камакта кармоо мөөнөтүн 28-майга чейин узарткан. Бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
30.06.2017. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Уй камагына чыгаргыла эч кандай Садыр Жапаровтун куносу жок экени билинип калды уулу урмату сод сизге ишенебиз ал нерсе сиздин колунуздан келет ... имиш имиш деп бут тосбогула
30.06.2017. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Каптагаев эки жуздуу, бирок алдыны коро билген адам.Бул бийликтин куну бутуп калды ошон учун Жапаровко доом жок деп атат.
30.06.2017. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жапаровко боштондук
30.06.2017. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жабырлануучу доом жок деген сон токтоосуз турдо бошотуш керек еле. Соттор емне еле бир точканы айланып жатышат же ушунчалык еле мангуроо адамдарбы
30.06.2017. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bekov01,адамдарга окшобой калганыны
30.06.2017. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bekov01, Алар жогору жактын буйругун аткарып жатышат. ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-07-01 14:37:23
30.06.2017. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз онолбой калдык.ишенген чондорубуздун кебетеси бул болсо..жанылык окуган сайын кыргызстанга кайткым келбейт менин...
30.06.2017. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жапаровту бийлик тынч эле бошото турган жерде болуп калды. Догун артып кармап отура беруу бийликтин озунун абройуна шек келтирет. Каптагаев тулкунун куйругундай эле буландайт го чиркин. Кай жактан пайда чыгарын юилет бул шум. Бирок да азаматтык кылыптыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: