Ак-Суу районунун жашоочусу 10 килограмм баңгизаты менен кармалды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун жашоочусунун үйүнөн баңгизаты табылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кылмыш ишине катыштыгы бар деген 41 жаштагы жергиликтүү тургун баңгизатын өзү колдонуу үчүн даярдап жүргөнүн айткан. Шектүүнүн үйүн текшерүү маалында 10 килограмм салмактагы марихуана табылган.
"Кармалган адам мурда да баңгизатын сактоо боюнча соттолгон. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш ишин козгоо боюнча маселелер каралууда. Учурда тергөө амалдары башталды", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.