super.kg logo

Маркумдун эжеси: "Инимди тааныш балдары чала өлүк кылып сабашып, унаанын багажына салып жүрө беришиптир"

 
11 күн комада жатып каза болгон маркум Акыл Жороев
11 күн комада жатып каза болгон маркум Акыл Жороев

Бүгүн, 1-июль күнү SUPER.KG порталына Кадамжай районунун тургуну Фатима Жороева кайрылып, инисинин өлүмүнө шектүүлөрдү жергиликтүү милиция коргоп жатканын айтты.

"Адам өлтүрүп жатышса, эмнеге адам өлтүрүү беренеси менен иш козголбойт. Шектүүлөрдүн биринин күч түзүмдөрүндө иштеген туугандары бар экен. Бул окуя болгондон бери эле бут тосуп, тоскоолдук жаратып жатышат. Инимди өлтүргөндөрдүн экөөсү "бейбаштык" беренеси менен камалса, үчөө эркиндикте жүрөт", - дейт Фатима.

Фатима Жороеванын айтымында, окуя үстүбүздөгү жылдын 20-мартынан 21-мартка караган түнү болгон. Анда 29 жаштагы иниси Акыл Жороев кошуна жашаган классташынын үйүндө болуп жаткан курулуш иштерине жардам берүү үчүн кетип, эртеси чала өлүк абалда табылган.

"Иним классташынын үйүндө жардам берип жатса андан бир аз күн мурун бир тойдо жаңжалдашып кеткен Али, Шумкар, Кыялбек аттуу балдар келип, чогуу арак ичишет. Кийин аларга Данияр, Тазабек аттуу балдар да келип кошулуп спирт ичимдигин ичүү Кадамжай шаарындагы кафеде уланган. Эмнеден улам чыр чыкканын билбейм. Күбөлөрдүн айтымында, саат түнкү үчтө инимди катуу сабашып, унаанын багажына салып кетишкен экен. Инимди эртең менен үйдүн алдынан чала өлүк абалда таптык", - деди Фатима Жороева.

Катуу сабалган Акыл Жороев 11 күн комада жатып, 1-апрелде каза тапкан. Бул кылмышка шектүү катары Али жана Кыялбек убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бул тууралуу маалыматты Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташып, бул иш учурда Ош шаардык тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилгенин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
01.07.2017. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Прокуратурага кайрылгыла, тиги балдардын да, милиция кызматкерлеринин да устунон арыз жазып. Алар да саткын болсо облустук прокуратура менен Акыйкатчыга кайрылгыла!
01.07.2017. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Колдон келишинче жогорку сотко жейин котторгуло байлары эркиндикте журушота
01.07.2017. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
ушундай жаман иштин башында дайыма арак турат ушул арак деген балакетти жок кылса болбойбу.
01.07.2017. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бизде неге ушинтип адам олуп жатса кайдыгер карашат,адамдын олгону бизде чымын олгон менен барабар.Кудай сактасынго жат жер,жат элде журобуз мусаапыр болуп ошолордун итин же мышыгын олтуруп койсон 6 айга камайтго.
01.07.2017. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
тв нтс 7 канал дарга чыккыла жайылсын анан кыймылдашат
01.07.2017. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул Акыл раматылык жакшы бала эле.Сахалинде дос болуп иштеп жургонбуз.куноолуулор жазасын алыш керек.
01.07.2017. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ээ кудай жаткан жери жайлуу болсун ушундай кабарды укансайын жаш туруп журогум оруй турган болду,эч кимдин башына салбасын,тууганбарына сабр тилейм
01.07.2017. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин районумда болуптурго мыкаачылар жазасын алышы керек татыктуу Жогорку сотко кайрылгыла болбосо акыйкатчы бар ошолор чечип берет
02.07.2017. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менттер карабаса озунор жазасын бериб койгула зоокурлордун беш бала бир балага эркекче эмеско
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: