super.kg logo

ӨКМ: "Бишкектеги кафелердин биринде газ баллон жарылып, имараты күйүп кетти"

 

Бишкек шаарындагы Панфилов атындагы борбордук сейил багында газ баллондордун жарылуусунан кафенин имараты күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан бүгүн, 3-июлда билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-июлдан 3-июлга караган түнү “Аист” кафесинде 3 газ баллону жарылып, жалын тутанган. Өрт өчүрүүчүлөр имаратта калган дагы 2 газ баллонун сыртка алып чыкканга үлгүрүшкөн. Жыйынтыгында 130 чарчы метр чатыры жана ошондой эле аянттагы брезент жабылган ашкананын чатыры толугу менен күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатканы белгилүү болду.

Күбөлөрдүн айтымында, өрт электр зымдарынан да чыгуусу мүмкүн.

"Өрт таңга маал саат 3:30дар чамасында чыкты. Газ баллондор улам-улам катуу жарылып жатты. Өрт алгач кафенин ашкана тарабынан башталып, жогору жагына толук жеткенче өчүрүп калышты. Өрттөн эч ким жабыр тарткан жок", - дейт атын атагысы келбеген күбө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.07.2017. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
катуу куйуптур
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: