super.kg logo

"Президенттин кадыр-баркына шек келтирди" деп айыпталып жаткан Токтакунова: "Башкы прокуратура президенттин укугун коргоп сотко арыз бергени мыйзамдуубу?"

 

Октябрь райондук сотунда журналисттердин жана жактоочулардын Алмазбек Атамбаевдин кадырына шек келтирди деген соттук жыйынында лингвистикалык экспертиза дайындоо өтүнүчү келтирилди.

Таалайгүл Токтакунова: "Эмне үчүн президент Атамбаев биздин айткан пикирге чычалады билбейм. Президент элдин көңүл борборундагы ачык адам болгондуктан ар кандай терс пикирлерге да чыдоосу керек. Мен биздин айткан сөздөрдү лингвистикалык эксперттерге иликтөөгө жөнөтүүңүздү өтүнөм. Себеби биздин айткан сын-пикир канчалык деңгээлде президенттин кадыр-баркын кетиргенин аныктап берүүлөрү керек", - деди. Айыпталуучу Канатбек Азиз кесиптешинин сөзүн колдоп, учак кырсыгы боюнча түзүлгөн комиссия Боинг окуясына чекит койгонун белгиледи.

Мамлекеттик айыптоочу Руслан Абдырахманов экспертизага жөнөтүүгө каршы болду. Сот Болотбек Абдуллаев эки тараптын пикирин угуп, жактоочулар берген өтүнүчтү канааттандырган жок.

Айып тагылып жаткан Токтакунова: "1-мартта маалымат жыйынында Боингге байланышкан пикирди камакта жаткан Өмүрбек Текебаевдин пикири катары кабыл алууңузду өтүнөбүз. Себеби Канатбек Азиз экөөбүз ишеним кат аркылуу коомчулукка анын пикирин жарыяладык. Ишеним кат юридикалык күчкө ээ болгондуктан айыпталып жаткандарды Өмүрбек Текебаевге алмаштырууңузду өтүнөбүз", - деди. Экинчи өтүнүчкө да прокурор каршы болуп сот айыпталуучулардын келтирген өтүнүчүн четке какты. Эки өтүнүчү тең соттон колдоо таппаган айыпталуучулар сот Болотбек Абдуллаевге ишенбөөчүлүк көрсөтүштү.

Токтакунова: "Эки өтүнүчтү тең оозеки түрдө гана четке кактыңыз. Сиз чечим кабыл аларда кеңешүү бөлмөсүнө барып, ойлонуп чечим чыгарышыңыз керек. Бизге "канааттандырбайм" деген чечимиңизди оозеки эмес, жазылган документ түрүндө бериңиз", - деди. Сот мындан соң тыныгуу жарыялап, чечим чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө чыгып кетти.

Кеңешме бөлмөсүнөн келген сот айыпталуучулардын өтүнүчүн четке какты. Токтакунова: "Ошол 1-марттагы президенттин абийирине шек келтирген делген видеону биргеликте көрүп чыгып, кайсы сөздөр боюнча айыпталып жатканыбызды ачыктайлы. Деги эле Башкы прокурор президент Атамбаевдин укугун коргоого мыйзам жол береби?" - деген пикирди айтты. Сот бул өтүнүчтү да четке кагып, түштөнүү маалы болуп калгандыктан ишти кароону саат 14:00гө калтырды.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура Текебаевдин жактоочуларын 10 миллион, "Занозаны" 3 миллион сом доого жыгууну соттон суранып арыз берген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
04.07.2017. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Вообще эле болуп кетти е. Эл деле коруп туратта бул жерде кимдин куноосу канчалык экенин. Азыр го мейли соттошсун, бирок тарых деген барда. Же буга чейин да болду беле мындай, мен укпапмын президенттин укугун прокуратура коргогонун.
04.07.2017. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Президент деле адамда коргосун укугун алга Жана алга
04.07.2017. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соттор бир кун азабын тартат кылып жаткан иштери учун эл коруп билип турат !созсуз жазаланасынар кайтар дуйно деп койот
04.07.2017. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул атамбай десе эле жиним келе турган болду, ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-07-04 16:02:29
04.07.2017. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
mahbu.kg, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
05.07.2017. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунчалык да адилетсиздик болобу??? Жакынды Атамбаев кызыл дегенди жашыл десек жоопко тартылат окшойбуз?!? Соттор да жашылды кызыл дебегенин учун жоопко тарта турган заман келдиби же?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: