super.kg logo

Күбө катары сурак берген Кубатбек Байболов: "Базаркуловду тааныбайм. Аны беттештирүүдө биринчи жолу көрдүм"

 

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда коомдук-саясий ишмер Кубатбек Байболов көрсөтмө берүүдө.

“Мен бул ишти билбейт экенмин. Бул жердеги соттордон, маалымат булактарынан угуп, билип жатам. Бул тигини айткан, ал муну айткан деген ушактар сотто каралышы өзү туура эмес. Базаркулов деген баланы беттештирүүдө биринчи жолу көрдүм. Августтун аягында “Обама” деген кафеде жолукканбыз деп белгиледи, кечээ. Менин Башкы прокурор болуп 13-сентябрда дайындалганымды билишкен эмес же жаңылышкан. Ал убакта бул окуяга таасир бере албайт болчумун. "Обама" деген кафе ал учурда трактирдин деңгээлинде болчу. Биз ошол жерге бармак белек? Мен азыр түшүндүм. Бул ишке Башкы прокуратураны байланыштыргысы келген. Эртең Базаркулов да, прокурорлор да ушул коомдо жашайт. Уят! Чиркештирбегиле. Мен өзүмө караштуу жагдайларды болгон эмес деп айта алам. Майдын ортосунда АКШдан келдим. Ал учурда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү анча-мынча кишилер менен сүйлөшпөй калган. Текебаев менен 2008-жылдан бери мамилем жок”, - деди Байболов.

"Мен Азат Базаркуловуңарды дагы бир жолу айтайын, өмүрүмдө бир жолу гана көргөм. Мени 2010-жылы Өкмөттүн чогулушуна чакырышкан. Ошондо гана Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн көргөм", - деди Байболов.

"Башкы прокуратура "Мегакомдун" 51 пайызын Мамлекеттик мүлк фондуна өткөрүп берсин деп кат жиберип, кайра 2-3 күндөн кийин катты артка кайтаруу боюнча маселе болгон. Бул боюнча эмне дейсиз?" - деп сурады сот.

“Мен ал ишти көргөн да, уккан да эмесмин. Буга байланыштуу кабарым да жок. Бирок 2010-жылы 17-сентябрда 17 кишиге айып тагылып иш сотко өткөрүлдү”, - деди Байболов.

"Айыпталуучулардын арасында Оңолбеков да бар" деп кошумчалады бул боюнча Текебаев.

"Жогорку Кеңеш 100 пайыз акцияга камак салуу боюнча токтом чыгарган. Ошонун негизинде акцияларга камак салынган”, - деп кошумчалады Байболов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
05.07.2017. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эу трактир сен кимсин озу? Эл силерге трактир бекен акымак, чал мага суйлошобуз
05.07.2017. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mir777,чалса емне маселе чечмек белен
05.07.2017. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
маани берип окуйлу ошол убакта ал кафенин денгээлин айтып жатса керек
05.07.2017. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
zezim2000,ал сенин денгеелин менен озунун статусун айтып жатат.
05.07.2017. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Трактир-карапайым калктын ашканасы. Кубатбек Байболов чоң кызматты аркалап атып ошондой жерге бармак белем деген ойдо айтты.
05.07.2017. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Конечно андай жерге бармак беле бул акмактар. Кудайды карап суйлогуло кезирленбей ошондой кафе эмес ошол кафенин оозуна киргенге зар болуп калып журбогуло. Ото эле кезир суйлогон экенсин байкушум.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: