super.kg logo

Текебаев менен Чотоновдун соту: Сотто сурала турган 2 күбө келген жок

 

Текебаев менен Чотоновдун сотунда сот күбөлөрдүн көрсөтмөсүн окуп берди. Соттук отурумга күбө болуп катыша турган Маматкеримовдун жубайы Жылдызкан Ташматова жана 2010-жылы Мамлекеттик мүлк фондунун статс катчысы болуп иштеген Бакировдун көрсөтмөлөрүн окуду.

Бүгүн эртең менен Ташматова ден соолугуна байланыштуу соттук отурумга катыша албай турганын билдирип, сотко арыз берген. Ал эми Бакиров өз өмүрүнө коркунуч жаралып жатканын айтып күбө катары сурак берүүдөн баш тарткан. Айыпталуучулар Текебаев менен Чотонов жана жактоочулар күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү өтө маанилүү экенин айтып, сотто аларды камсыздоо өтүнүчүн берген. Бирок сот бул өтүнүчтөрдү четке каккан болчу.

Соттук отурум жумуш убагы бүткөнүнө байланыштуу эртең, 6-июлда саат 09:30да уланмай болду. Ал эми жактоочулар бүгүн сотко ишеним көргөзбөө боюнча четке кагылган өтүнүчтөрдүн көчүрмөсүн сурады. Мындан тышкары кылмышка катыштыгы бар деп Маматкеримовдун үстүнөн козголгон кылмыш ишинин токтотулгандыгы тууралуу чечимдин көчүрмөсүн да сурашты. Чотоновдун жактоочулары бул чечимдер берилбей жатканын айтты. Жактоочулар бул чечимдер менен таанышып чыгып, жогорку инстанцияларга кайрылышы мүмкүн экенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: