super.kg logo

Текебаев, Чотонов соту: Тийиштүү күбөлөр келбегендигине байланыштуу соттук отурум түштөн кийинкиге жылдырылды (аудио)

 

Бүгүн, 6-июлда Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда. Сотто видеотасмага тартууга уруксат берилген жок. SUPER.KG порталы соттун жүрүшүн аудио форматта чагылдырмакчы.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган. 27-февралда Өмүрбек Текебаевди жана Дүйшөнкул Чотоновду Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 25-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарып, чечимди кийин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

УКМК "тергөө бүтө элек" деп Текебаевдин мындан кийинки баш коргоо чарасын аныктоо боюнча сотко кайрылып, 21-апрелде Биринчи Май райондук соту депутатты 25-майга чейин камакта кармоо чечимин чыгарганы белгилүү. Ал эми 16-майда УКМК депутат Текебаевге ачылган кылмыш ишин тергеп бүтүп Башкы прокуратурага кароого жиберген. Башкы прокуратура материалдарды сотко жөнөткөн.

Текебаев менен Чотоновдун сотунда Жоомарт Сапарбаев күбө катары көрсөтмө берди (аудио)

Соттук отурум күбөлөр келбегендиктен 14:00гө жылды


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
06.07.2017. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Данна турат ак экени мен да сот залындамын
06.07.2017. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эптеп бут тосмойда уят бул кылыгынар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: