super.kg logo

Экс-депутат Жоомарт Сапарбаев сотто күбө катары көрсөтмө берди

 

Бүгүн, 6-июлда Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда.

Бүгүнкү отурумга "Ата Мекендин" экс-депутаты Жоомарт Сапарбаев күбө катары көрсөтмө берүүгө келди. Сапарбаевге жактоочулар 2010-жылдын 13-майында кайда болдуңуз эле деген суроону беришти.
"Ал күндөр оор, кыйын учурлар катары менин эсимде калган. Жалал-Абадда бакиевчилер облустук бийликти басып алууга аракеттерди жасап, биз Бишкекте жаңы Баш мыйзамдын үстүндө иштеп жатканбыз", - деди.
Ал эми прокурор "ошол жылдын 22-декабрында Текебаевдин кайда жүргөнүн билесизби?" - деп сурады.
"Ал күнү "Ата Мекендин" фракциялык жыйыны өткөн. Эсимде калганы Өмүрбек Чиркешовичтин ал күнү туулган күнү болчу. Ал күнү Текебаев кечке жумушта болду", - деди Сапарбаев.
Прокурор "Эмне, туулган күнү болуп жатса да иштедиби?" - деген суроо узатты.
Сапарбаев "Эмне, туулган күн деп эле ишке чыкпай коймок беле? Кадимкидей жумушта болду", - деп жооп берди.
Жактоочулар "Сиз интернеттен көргөн күбө Модиндин тергөөчүлөргө көрсөтмө берүү маалында, акчаны алып киргем деген иш бөлмөдө ошол маалда кимдер отурду эле?" - деген суроо узатты.
Сапарбаев "Ошол маалда ал бөлмөдө төрайымдын биринчи орун басары Атамбаев отурчу", - деп жооп берди.
Текебаев Сапарбаевге: "Жоомарт, айтсаң 13-майда менин кайда болгонумду", - деди.
"Ал күнү эртең менен "Хаятта" маалымат жыйын болгон. Ошол жакта болгонсуз. Кечке маал 17:30дарда "Ак-Кемеде" Баш мыйзам боюнча талкууга баргансыз", - деди Сапарбаев.
Текебаев "Ошол күнү мен 2 саатка "Супарага" барып Маевский менен жолугушуума убакыт бар беле?" - деп сурады.
"Ал күндөрү мен жаныңызда болчумун, сизде башка бирөө менен жолугушууга убакыт болгон эмес", - деди Сапарбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
06.07.2017. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Текебаев акталсын Аша озу олтурсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: