super.kg logo

Бишкек-Токмок унаа жолунда 3 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынан аман калган 18 жаштагы кыздын абалы оор

 

Бишкек-Токмок унаа жолундагы жол кырсыгынан жабыркаган кыздын абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 1999-жылы туулган А.А. аттуу кыз Токмок шаарындагы ооруканага оор абалда жеткирилген. Анын башы жана бел омурткалары катуу жабыркаган.

Айта кетсек, жол кырсыгы бүгүн саат 07:00 чамасында Бишкек-Токмок унаа жолунун 55-чакырымында болгон. Анда Ысык-Көлдөн келе жаткан Тойота Авенсис үлгүсүндөгү жеңил унаа каршы тилкеге чыгып, жолдун жээгиндеги тосмону сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам каза болуп, 1 адам ооруканага жеткирилген. Унаанын ичинде эки кыз жана эки бала болгон.

Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынын маалыматына караганда, каза болгондордун аты-жөнү такталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
08.07.2017. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жаны жаннатта болсун.кетирген каталары куноолору болгон болсо Аллах Таала ырайым кылып кечирсин.амиин (намаздан кийин дуа кылгыла сообу тиет )
08.07.2017. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кечки саат 8дерде да ошол чакырымдан кичинекей баланы сузуп кетиптир ошол жонунудо да маалымат алып бергилечи
08.07.2017. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми Эмне болгонун бир Алла билет.бирок колдон эс алып келе жатышса керек. жаман иш жасасан жазасын берет.журсон саяк, жейсин таяк. Тообо кылдым
09.07.2017. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шофёр уктап кеткен сыягы.Кырсык каш-кабактын ортосунда.Авария болгон менен сууга чоккондор коп болуп жатат акыркы кундору.Тобоо.
09.07.2017. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жолдо жургондор этият болгулачы. Жаш кыз Балдар уктап анан жолго чыккыла.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: