super.kg logo

Дүйнөлүк маалымат каражаттары: "Ислам мамлекети" террордук уюмунун башчысы Абу Бакр аль-Багдади өлтүрүлдү"

 
Абу Бакр аль-Багдади.
Ирактык ЖМКлар аль-Багдадинин денеси деп тараткан сүрөт.
"Орусия жүргүзгөн авиачабуулдан улам 300 адам жана "Ислам мамлекети" террордук уюмунун башчысы Абу Бакр аль-Багдади мерт болду". Мындай маалыматты Ирактын жергиликтүү телеканалы "Ас-Сумария" өздүк булактарына таяп жазып чыкты. Маалыматта белгилүү болгондой, террордук уюмдун жетекчисинин каза болушун топтун башка мүчөлөрү видеокайрылуу аркылуу коомчулукка жарыялаган. Ошондой эле уюмдун мүчөлөрүнүн бири аль-Багдадинин орун басары жаңы "халифти" дайындашканын айткан. Бирок анын аты ким экенин "Ас-Сумария" телеканалы тактаган эмес.
Эске салсак, Орусия Сириянын Ракка шаарына 28-майда авиачабуул койгон. 11-июнда Daily Mail басылмасы Раккада Абу-Бакр аль-Багдадинин каза тапканын жазып чыккан. Анткен менен бул маалыматты согушкер топтун мүчөлөрү тастыктаган эмес. Кийинчерээк ирактык ЖМКлар белгисиз адамдын өлүгүнүн сүрөтүн аль-Багдадинин сөөгү деп таратышканы маалым.
Демек, бул кабар аль-Багдадинин өлтүрүлүшү тууралуу алгачкы маалымат эмес. Буга чейин дагы аталган террордук уюмдун башчысынын өлтүрүлүшү тууралуу бир нече жолу маалыматтар тарап, бирок аны эч ким тастыктаган эмес.

Маалымат үчүн: Абу Бакр аль-Багдадинин чыныгы ысымы Ибрагим Авад Ибрагим аль-Бадри. 2014-жылдын июль айында ал "Ислам мамлекети" террордук уюмунун башчысы катары коомчулукка таанылган. Анда аль-Багдади Ирактын Мосул шаарында "Ислам мамлекети" террордук уюму тарабынан басып алынган мечитте сүйлөп, Жакынкы Чыгышта "ислам халифаты" түзүлөрүн жарыялаган.

"Ислам мамлекети" террордук уюмуна АКШ, Канада, Улуу Британия, Түркия, Египет, Австралия, Тажикстан, БАЭ, Индия, Индонезия, Израиль, Орусия жана Кыргыз мамлекетинде да тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
12.07.2017. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Олуп жок болсо экен ушулар мамлекет болбой эле!
12.07.2017. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
жакшы болуптур туп тамыры менен жок болсо екен
12.07.2017. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Куфшинден чыккан жин олуптурда
12.07.2017. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тиякта биздин радикалдар аза кутуп отурушкан чыгаар...
12.07.2017. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
CEO,кой боор ооруба радикалдарга боор ооруп сен радикал эмессинби?
12.07.2017. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
meni_kut, бир суйломду бурмалап тушунгондор Куранды тескери бурмалап тушунушсо эч тан калып кереги жок корунот...
12.07.2017. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Терорризм тушунугу кенеен мааниде. Мисалы ошол эле ИГИЛ дегенди АКШ атайын кызматтары оз кызыкчылыгы учун тузгон деп Оруссиянын История заблуждении деген беруусунон Орус ананлитик адистери суйлопматышат. Негизи Кыргыз эли жоош элбиз, чыныгы мусулман адам террорист эмес болгону Оруссия крокодил учат десе биздин алсыз, оз пикири жок адамдарыбыз учат деп ойлойбуз.Эгерде мындай болбосо эмне учун ИГ ге АКШ колдоо корсотуп атат? Анткени бул адамдар Оруссиянын созун суйлогон Ассадды талкалап Сирияны
13.07.2017. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каштары окшобойтко(( бул Орусиянын дагы бир жалганы!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: