super.kg logo

Өмүрбек Текебаев соттон өз паспортун берүүсүн талап кылды

 

Бүгүн,12-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун соттук ишин кароо уланууда. Сотто күбө катары мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев көрсөтмө берди.

"Мени күтүүсүз жерден суракка чакырды. Мага башында суракта мааниси түшүнүксүз суроолор берилип жатты. Аягында гана "Чотонов менен Москвага чогуу бир учакта учтуңуз беле?" деген суроо коюлду. Мен ошондо гана сөздүн төркүнү кайда экенин түшүндүм. Кийинчерээк Маевскийдин видеосун теледен көрдүм. Ошол маалда Текебаевди камакка алышты. Чотонов боюнча айтсам, аны менен Москвага учкан эмесмин. Болгону кээде каттамдарда дал келүүчүлүктөр болуп калышы мүмкүн. Министр болуп турганда Москвага жумуш боюнча бир жолу баргам. Ошол каттам Чотонов менен дал келип калса керек. Экөөбүз бир максат же жумуш менен эч качан чет өлкөгө бирге учкан эмеспиз", - деди.

Ал эми жактоочусу соттон Текебаевдин паспортун берүүсүн өтүндү.

"Өмүрбек Текебаев президенттикке талапкерлигин коюп жаткандыгына байланыштуу анын жарандык паспортун үй-бүлөсүнө берүүңүздү өтүнөбүз. Тергөө маалында тергөөчүлөр Текебаевдин дипломатиялык жана ID паспортун алган. Анын эки паспорту тең өздүк документ болгондуктан, ID паспортун берүүңүздү өтүнөбүз", - деди жактоочу.

Бул өтүнүчкө мамлекеттик айыптоочулар каршы болгондуктан судья өтүнүчтү четке какты.

Айыпталуучу Текебаев болсо "Мен өздүк паспортумду берүүңөрдү талап кылам. Силер чечим чыгарууда өзүм билемдикке өтүп калдыңар. Дагы бир жолу айтам, өзүм билем дегендерден экөөнү көргөм, учурда алар качып жүрөт. Менин паспортумду бергиле, экинчи паспортум силерде турат" деп судьяга ачууланды.

Мамлекеттик айыптоочулар күбөлөр келбей жаткандыгына байланыштуу айыпталуучулардын көрсөтмөсүнө өтө берели деген өтүнүч келтирди. Бирок айыпталуучу тарап ага каршы болушту. Судья 14:00гө чейин тыныгуу жарыялады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
12.07.2017. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Прокурор эмне десе ошону кылып калыптыр бул сот. Аягы жакшы менен бүтпөйт.
12.07.2017. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балык башынан сасыйт
12.07.2017. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайсы мыйзамга таянып, паспортумду бербей жатасыңар десе, судья өзүм билем дептир го... Законуңарды урганым жок дегениби
12.07.2017. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бийликтин да жооп беретурган куну келет аз калды
12.07.2017. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Текебаев созсуз чыгат эмнегедир ушулардын соту турктордун карадайы киносуна окшоп баратат
12.07.2017. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жогорку Кенештин мыйзамды тузгон адамдары ушундай коз коруноо мыйзамсыздыкка кабылып атса жонокой элдин акыбалын айтбаш керек. Илгеерки каракчылык баатырдык заманда жашап аткандайбыз.Келме кезек дегендей Текебаевда убагында закондорду уруп ойнобой журду эле бирок.
13.07.2017. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сот паспортун берсем Текебаев президент болуп калат деп коркуп атат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: