ЭЛДИК ВИДЕО: Үйгө терезеден кирген жаңы келин



SUPER.KG порталынын “Элдик видео” бөлүмүнө "Үйгө терезеден кирген жаңы келин" деген аталыштагы видео жүктөлгөн (Ник: Latyshka).
Анда үйгө жаңы келген келинди кайын журту эшиктен эмес, терезеден киргизип жатканын көрүүгө болот. Учурда аталган видео социалдык тармактарга кеңири тарап, коомчулук арасында көптөгөн талкууларды жаратууда.
Видео Казакстанда тартылганы айтылууда. Казакстандын батышындагы айрым аймактарда мындай салт бир топ жылдан бери колдонулуп келет. Тагыраагы, эгер үйгө бир күндө 2 келин келсе, улуусу эшиктен, кичүүсү терезеден кирет. Экөөнү тең бир эшиктен киргизүүнү жамандыкка жорушат.
Аталган видеону бул жерден көрө аласыз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:32
2025-06-24
Рейтинг:
0

Сен адашып отурукташкан озбек туугандардын же башкасынын салтын айтып албадынбы?!!