super.kg logo

Райкан Төлөгөновдун соту төртүнчү жолу жылды

 

Бүгүн, 14-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда сот Марат Сыдыковдун төрагалыгы алдында коомдук ишмер Райкан Төлөгөновдун иши боюнча соттук отурум болду. Төлөгөновдун жактоочусу башка соттук отурумда болгондуктан келген жок. Мындан улам мамлекеттик айыптоочулар Төлөгөновго мамлекеттик жактоочу дайындоо сунушу менен сотко кайрылды. Прокурордун сунушу менен Төлөгөновдун укугун эки мамлекеттик жактоочу коргомой болду.

Бирок ага айыпталуучу Райкан Төлөгөнов каршы болду.

"Буга чейин 3 жолу отурум өтпөй калды. Бүгүн 4-жолу отурум өтпөй калуу алдында турат. Мага мамлекеттик жактоочу керек эмес. 30 томдон турган ишти билбеген, тааныша элек жактоочудан баш тартам", - деди Төлөгөнов.

Жаңы жактоочулар иш менен таанышканча соттук отурум 20-июлга калтырылды.

Эске салсак, Төлөгөновго Кылмыш-жаза кодексинин 167 (тоноо) жана 241 (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) беренелери боюнча айып тагылган. Райкан Төлөгөнов 28-март күнү 2010-жылдагы мародёрчулук боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.07.2017. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мородерлер элдин акчасын тоноп алгандар камалсын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: