"Чыгып кет, жогол, билген жагыңа бар!" деп кыйкырган кызматкердин видеосу коомчулукка тарады
Орой сүйлөп, документ алуу үчүн келген тургундарга "жогол, чыгып кет" деп кыйкырган кызматкердин видеосу социалдык тармактар аркылуу коомчулукка тарады. Телефонго тартылган видеодо мекеменин кызматкери документин алууга келген тургунду түрткүлөп, иш бөлмөдөн чыгарууга аракет жасап, "жогол, чыгып кет, билген жагыңа барып арыздан" деген сөздөрдү айткан.
Мекеме кызматкеринин мындай аракетин катуу сынга алып, "мындайларды атайын берененин негизинде жумуштан алуу зарыл. Чара колдонуш керек", - деген билдирүүлөрдү калтырышкан. Айрымдары мындайга жол берген мамлекеттик жетекчилерди күнөөлөшкөн.
Орой сүйлөп кыйкырган кызматкер азырынча кайсы мекеменин кызматкери экендиги, анын аты-жөнү белгисиз. Социалдык түйүндүн колдонуучуларынын калтырган пикирине караганда, видео Ош облусунун Кара-Суу райондук жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүндө тартылган. Колдонуучулар "кыйкырган кызматкердин аты Айжан, анын жолдошу прокурор", - деген да билдирүүлөрдү калтырышкан.
Тургундарга кыйкырган мекеме кызматкери
































1 | 2 |