Жаш кызын жанына уктатып коюп, базарда соода кылган аялдын сүрөтү талкууланууда
Бишкек шаарындагы Аламүдүн базарында кичинекей кызын жанына уктатып коюп, түндө соода кылып жаткан аялдын сүрөтү интернет желесинде талкууга түштү.
Сүрөттөн жаш аялдын түндө соода кылып отурганын, жанында кичинекей кыздын уктап жатканын көрүүгө болот. Интернет колдонуучулары ар кандай билдирүүлөрдү жазып жатышат. Айрымдар жашоо-шарттын начардыгын айтып, бул окуяга бийликти күнөөлөп чыгышты. Интернет колдонуучулардын бири: "Үйдө, жылуу төшөктө уктап жата турган убагында көчөдө уктап жатат. Бул абалына караганда, кыз түзүк тамактанбаса деле керек. Эмне дээриңди да билбейсиң, мына ушундай балалыгың үчүн кечир бизди, улууларды", - деген пикирин жазган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:13
2025-11-11
Рейтинг:
2
2

Супер-Инфо
super.kg видео

















Кайсы элден жүдөө көрсөң зайыпты,
Ошол элдин эркегине кой айыпты? Деген сөз бар ошонун негизинде шариятка таянып айттым мен сөзүмдү. Бир эки күн сабр кылсак күйөөсү барбы жокпу билебиз буюрса.
Эми бул темага келсек бул аялдын куйоосу барбы, кайда журот, эмнеге кызын алып кечинде соода кылып жатат, бизге бегисиз. Балким куйоосу Россияда чыгаар, балким куйоосу менен ажырашып кеткендир. Бирок кандай болгон кундо да жакшы иш эмес кичине кыздын кочодо укташы. Эми ошонун баары жокчулукка барып такалат... Ушул кунго жеткирген бийликтегилерге элдин каргышы жетсин!!!
Шариятта жазылган менен тобон менен жер казсан да окшошпой жатса байкуш эркектер эмне кылсын?!! Мисалы айылга балдарын таштап Россиялап 5-10 жыл жургон ата-энелер бар, ошого да турмуш, биздин бийлик куноолуу!!!!
Куноо кимде?Бул суроого ким жооп берет,жообун тапканда эмне озгорот?
Кыскасы,куураган заман...
Катын алып, бала жасап алуу женил, ал эми ошол уй булонун жоопкерчилиги сенин мойнунда. Катын алууга, бала жасоого кудуретин жеттиби? Анда туболуктуу уйбулонду бардык жактан камсыз кыл, оокат кыл, мээнеттен, кайдан болсо да нан таап кел, иште, жер чукуйсунбу, бул биздин милдетибиз!!. Баланы эч убакта таштап кетпе! Жоопкерчиликти бил, чечкиндуу бол! Аялына шарт тузуп бер.
Мына,
Азыркы жаштар уй булонун жоопкерчилигин дээрлик 70% билишбейт. Ошого карабай уй було кутушот. Эртен ажырашуу, баласы корунгон туугандардын колундо турткунчук болуп бала кыялдары, аруу тилектер талкаланат да келечектен умут узушот, жакшы жашоону элестете алышбайт.
Демек ким куноолу?. Албетте ЭРКЕКТЕР- БИЗ КУНООЛУУБУЗ!!!!
Андан коро тарыхты оку, кочого чыгып турмушту кор, розовый очки тагып алып акылдуу корунуп жомок жазбай...