Өткөн суткада өлкө боюнча 22 өрт кырсыгы катталып, Ысык-Атада 24 терек күйүп кетти
Өткөн суткада республика боюнча 22 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 14, Ысык-Көл облусунда 3, Нарын облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Ош облусунда 2 өрт кырсыгы катталды.
Ысык-Ата районунун Чоң-Далы айылынын ортосундагы жолдун боюндагы 24 терек, 4 гектар жердеги чабылып, куураган чөп күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.