super.kg logo

Казакстандын батышында атышуу болуп 6 адам жабыркады. Бирөөнүн абалы оор бойдон калууда

 

Казакстандын батышындагы Мангистау облусунун Каракыян районуна караштуу Курык айылында 17-июлдан 18-июлга караган түнү белгисиз адамдар тобунун арасында ок атышуу орун алып, 6 адам жабыркады. Мындай маалыматты жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.

Жабыркаган 6 адам тең ооруканага жеткирилген. Ал эми бул жаңжалга шектүү жаран колго түшкөнүн бүгүн жергиликтүү милиция кызматкерлери коомчулукка кабарлады.

Мангистау облусунун Криминалдык полиция башкармалыгынын башчысы Алтынбек Калиев жергиликтүү ЖМКларга: "Жаңжалга катышкандардын жашы болжол менен 18-20 жаштагы жарандар. Алар жардамга өзүнөн улуу агаларын чакырышкан. Арасынан бирөө каршылаштары тарапка ок чыгарган. Жыйынтыгында 20-23 жаштардагы 6 адам жабыркады. 3 адамга райондук ооруканада алгачкы жардам көрсөтүлүп, абалдары турукташты. Ал эми үчөөнүн абалы оор болгондугуна байланыштуу Мангистау облустук ооруканасына алып кетишкен. Учурда кылмышка шектүүлөр колго түшүп, далил буюмдар алынды. Адам өлтүрүүгө аракет жасоо беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергелип жатат", - деп билдирет.

Маалыматта белгилүү болгондой, 3 адамдын ичинен экөөнүн абалы туруктуу. Ал эми бирөөнө болжол менен 20дай ок атылган. Азыр анын абалы оор болуп, жандандыруу бөлүмүнөн чыгарыла элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
19.07.2017. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аиии жыйырмадай ок дейби дагы кыйын экен аман калыптыр.
19.07.2017. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чачма октурда
19.07.2017. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чачма же болбосом еки уч травматчан аткылаган окшойт алты адам жабыркаса
19.07.2017. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баарыбыздын жаныбыз Аллахтын колунда.Эгер Аллах жаныбызды алгысы келсе,тапанчаны кокко атса деле олобуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: