super.kg logo

Текебаевдин сотунда күбө катары көрсөтмө берүү үчүн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү келишти

 

Бүгүн, 19-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Отурумдун жүрүшүндө күбө катары көрсөтмө бериш үчүн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Болот Шер жана мурдагы депутат Камчыбек Ташиев, коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев келди. Азыркы тапта Бекназаров көрсөтмө берүүдө.

Буга чейинки отурумдарда Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Темир Сариев, экс-президент Роза Отунбаева, УКМКнын мурунку төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана Эсептөө палатасынын мурунку жетекчиси Эльмира Ибраимова да келип, көрсөтмө беришкен болчу.

Эскерте кетсек, 25-февралда Башкы прокуратура Ө.Текебаевге жана Д.Чотоновго кылмыш ишин козгогон. Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: