Оштун казысы жергиликтүү өзбектерди күйөө баласына 40 күн тамак ташыган "Мазр" салтынан баш тартууга чакырды
Ош шаарынын казысы Убайдулла Сарыбаев Кыргыз өлкөсүндөгү өзбектерди "Мазр" салтынан баш тартууга чакырды. Бул тууралуу Ош шаардык казыятынын маалымат кызматынын башчысы Абдилазиз Абдырахманов SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, мындай пикирин казы 3-4 жылдан бери жаназа окуган жерлерде, жума намаз учурунда айтып келет. Бүгүн, 19-июлда Ош облусундагы Жапалак айыл өкмөтүнүн тургундары менен болгон жолугушууда да өзүнүн бул пикирин билдирип, калкты ысырапкорчулуктан арылууга чакырган.
Казы исламда эркек киши үйлөнгөндөн кийин өзүнүн жарын өзү багуусу керек экендиги жазылганын айткан.
"А бизде жашоочулар "Мазр" салтын ушул кезге чейин улантып келе жатат. Диндин эрежелерине ылайык, келиндин ата-энеси күйөө баласына антип 40 күндөп тамак алып келбейт. Биз ысырапкорчулуктан арылышыбыз керек", - деген Сарыбаев.
Ал эми Абдырахманов жергиликтүү өзбектер бул чакырыкты туура кабыл алып, арасында салттан баш тарткандары бар экенин кошумчалады.
"Биз атайын бул салтты жок кылуунун үстүнөн иштебейбиз. Болгону салт диндин эрежелерине туура келбегендиктен, эркектерди мырзалык сапатка чакырып "Мазр" салтын жоюну жайылтуу аракеттерин көрөбүз. Бул аракеттер ысырапкорчулук менен ашыкча убарагерчиликтен арылтат", - дейт Абдырахманов.
Ал белгилегендей, өзбек элинин "Мазр" салтында - кызын турмушка узаткан ата-эне 40 күн күйөө баласына күнүнө 3 маал тамак-аш жеткирип берип турат.

)))
(Админ. банга киргизип салба, улут аралык эч кандай каршы сөз жазган жокмун).
салттарын которуп чыгып,айтып жойгулачы...