super.kg logo

Украинада банктарды тоноп, кассирлерге шоколад таштап кетип жүргөн адам колго түштү. Ал уурдаган акчасынын 90 пайызын кайрымдуулукка жумшагам дейт

 

Украинанын полициясы коомчулукка "Робин Гуд" деген каймана ат менен таанымал адамды колго түшүргөнүн жергиликтүү маалымат булактары жазат. Ал 10 жыл бою жалпы жонунан 13 банкты тоногон деп айыпталып кармалган. 10 жыл ичинде банктарга куралданып киргени менен, аны коркутуу үчүн гана колдонуп, бирок адам өмүрүнө зыян келтирген эмес. Тескерисинче, тоногону келген банктардын кызматкерлерине стресске кабылбасын деп таттууларды таштап кетип турган. Ошондой эле ал уурдаган акчаларынын 10 пайызын гана өзүнө алып калып, калган каражатты кайрымдуулук иштерине жумшагандыгын айтып келет.

Банктардын биринде иштеген Светлана аттуу кызматкер Иваницкий тууралуу буларды айткан. "Биздин банкка ал 2 жолу келди. Коюнунан куралын алып чыгып, столдун үстүнө койду дагы, абдан кичи пейилдик менен "мен силердин кассаңарга өтөйүн дегем" деди. Мен коркконумдан калчылдап, ыйлап кирдим. Ал мени жооткотуп, далыман таптап, коркпоңуз деди. Теманы башкага буруп, менин өмүрүмө коркунуч келтирбесин билдирейин деди окшойт. Столумдун жанында кардарлар белек кылган шампан турган. Ошону көрүп, мен да сизге шампан берип жиберем деди. Жыйынтыгында ал 1 айдан кийин, чын эле 1 бөтөлкө шампан берип жибериптир".

Коркуп калган кызматкерлерге таттууларды таштап кетип турган кичи пейил ууру көрсөтмө берип жатып мындай дейт. "Психологдор шоколад стресске кабылган адамга жардам берет деп жазышат го? Мен дайыма жасаган ишимдин кесепетинен күнөөсүз кызматкерлер ашыкча түйшөлүп, нерв коротушканына кабатырланчумун. Алган акчалар деле өз максатыма колдонулбайт, 10 пайызын гана алып калам. А калганы жардамга муктаж адамдар үчүн кайрымдуулукка кетчү. Кайсы жерде акча көп? Мен болгону ошол жердеги акчаны алып, кайсы жерде каражат аз болсо алып барып берип койчумун..."

Мамлекеттик айыптоочу Иваницкийдин бул келтирген жүйөлөрүнө ишенбейт: "Азырынча ал кайрымдуулук кылганы тууралуу эч кандай далилдер жок", - дейт ал.

Белгилүү болгондой, кичи пейил ууруну айылдашы сатып койгон. Анын көрсөтмөсү менен Иваницкийди Котляра айылындагы үйүнөн кармап кетишкен. Ал эми айылдашына болсо мамлекет сыйлык катары 4000 доллар ыйгарган. Ыкчам топ Иваницкийдин үйүн тинтип, 2 ок атуучу тапанча жана 300 гана доллар табышкан.

Алдыдагы абакта өтүүчү тагдыры анын айылдаштарын таңдантты десек болот. Себеби "Робин Гудду" эч ким кылмыш ишине барат деп ойлобой тургандыктарын айтышкан. "Адам катары анын артыкчылыктарын гана билем. Анын жаман иш кылышынан күмөнүм бар. Ал жакшы киши. Ага караганда банктардын ээлери көбүрөөк элге зыян келтирсе керек", - дешет айылдаштары.

Иваницкийди сот айыптуу деп тапса, 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
20.07.2017. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
биз жака да ушундай керек чрндорду тоноп жер кочкудо калгандарга таратып ириш керек экен
20.07.2017. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздин Робин Гудду атып кетишкен
20.07.2017. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Банктарды тоносо дароо эле ошол жерден кармалмак да ,ишениш кыйын...
20.07.2017. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Робин Гуд кайтып келген го
20.07.2017. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Аябай амалкой ууру экен да эгерде чынында эле колуда жокторго жардам бергиси келген адам ак мээнети менен иштеп жардам берсе болмок баната да канчалаган элдердин акчасы да
20.07.2017. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызык го.Кайрымдуулук кылган документтери болсо жакшы болмок.
20.07.2017. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бизге да керек экен.. бирок банктарды эмес депутат, министрлерди тонош керек да... көбүрөөк табат.
20.07.2017. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эркек экенсин. Точна кайрымдуулука жумшаган болсон
20.07.2017. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Так выглядет наст. Мужик!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: