super.kg logo

Текебаев менен Чотоновдун сотунда сот күбөлөрдү суроону токтотуп, ишти иликтөөгө өттү

 

Бүгүн, 20-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланууда. Соттук отурумга айыпталуучулардын жакын туугандары жана журналисттер гана киргизилди. Ал эми Текебаевдин юристтери жана тарапташтары сот залына киргизилген жок.

Соттук отурумдун жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочу күбөлөрдү суроону токтотуп, ишти иликтөөгө өтүү боюнча өтүнүч келтирди.

Айыпталуучу Өмүрбек Текебаев прокурордун өтүнүчү "жоопкерчиликсиз өтүнүч" экенин айтты.

"Мен муну жоопкерчиликсиз, "наглый" өтүнүч деп айтам. Биздин күбөлөр силердин айыбыңар жалган экенин далилдеш үчүн айтып жатат. Бирдей көрсөтмө берип жаткан жок. Ар бир күбө өзүнчө кырдаалды айтып жатат. Бирөө шопур, бирөө УКМКнын башчысы болсо, дагы бири аппарат башчысы. Ошол күнү, кийинки күндөрдөгү окуялар баары айтылган соң картина так болот. Мен ошол үчүн бул өтүнүчтү четке кагууну сурайм", - деди Текебаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
20.07.2017. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шакал сот болду го. Эртелет деди го ак уйдон. Соттор эч кимди тоотпой, озум билем болуп калган турбайбы
20.07.2017. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куболордон сурап абийрлери кеттиго Эми план Бны баштайын дер жатышкандырда , созуно турган приказды так аткарган АША командасы.
20.07.2017. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Күнөөсү далилденди деп камап койсо деле таң калбайм... АШАдан жана намысын пулдап жиберген соттон баарын күтүүгө болот..
21.07.2017. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буларды мен сот деп эсептебейм. Жон кана бийликтин "шапалагы".
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: