Түркияда сойкулукка шектелип эки кыргыз кызы кармалды




Түркиянын Мармарис шаарынын мейманканаларынын биринде 2 кыргыз кыз сойкулукка шектелип кармалышты. Бул тууралуу Нurriyet басылмасы жазып чыкты.
Полицияга мейманканада сойкулук менен алектенгендер тууралуу маалымат түшкөн. Алар жүргүзгөн иштин жыйынтыгында түнкү саат 2лер чамасында полициянын колуна жалпысынан 4 адам түшкөн. Кармалгандардын экөө Кыргыз жарандары экени жазылат маалыматта, бири 23 жаштагы Т.Б., экинчиси 44 жаштагы Б.Д. Алардан тышкары 27 жаштагы С.Й. жана 23 жаштагы Х.Й. кармалышкан.
Кыргыз жарандардын айтымында, аларды Мая аттуу аял үй жумушчусу болуп иштөө үчүн Мармариске чакырып, сойкулукка мажбурлаган. Кыргыздарды мекенине кайтаруу үчүн Иммиграция башкармалыгына жеткиришкени маалым болду. Ал эми калган эки жаран полиция участогунда. Сойкулукка мажбурлаганга шектүү аялды издөө иштери жүрүп жатканы белгилүү болду.


Туркиядагы ар 2 жанылыктын бири кыргыз сойку кыз-келиндери тууралуу... Уялып, намыстанып буттук го силердин айынардан!!
Hurriyet Туркияда эл эн коп окулган газетанын бири. Бул сойкулар бизди башка элге уят кылып бутту. Кармалгандар сойку болуп иштегендердин жуздон бири...
Азыр именно кыргыздардагы 100 адамдын 95 и жуз пайыз ойнош кутуп же болбосо случайный секс кылып калышты го!!!
Ушуну окуп,жазып атканынардын аранарда да андайлар толтура!
Так что жапкыла оозунарды!