Өкмөт оң рулдуу атайын транспорттук техникаларды өлкөгө алып кирүүгө уруксат берди
Кыргыз өкмөтү өлкө аймагына алып кирүүгө уруксат берилген оң рулдуу атайын транспорттук техникалардын тизмесин бекитти.
Бул тууралуу маалымат өкмөттүн расмий сайтына жарыяланды.
Өкмөт башчы кол койгон токтомго ылайык, өлкө аймагына мындан ары оң рулдуу атайын техникаларды гана алып кирүүгө жол берилет. Уруксат берилген рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан атайын транспорт каражаттарынын тизмеси:
№ |
Транспорт каражаттарынын түрлөрү |
Арналышы |
1. |
Автокрандар, автобургу, авто-бетон аралаштыргыч |
Курулуш жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун техникалык абалын жакшыртуу үчүн |
2. |
Жуугуч-сугаргыч, таштанды жыйнагыч, кар тазалагыч, ассенизаторлор |
Коммуналдык керектөөлөр үчүн |
3. |
Өрт өчүргүч |
Өрт өчүрүү үчүн |
4. |
Авариялык-куткаруучу |
Авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн |
5. |
Тракторлор жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналар |
Айыл чарба өндүрүшүн камсыздоо үчүн |


Орт очургуч унаа дейт, орт очургуч унаа кырсык, орт болгон жерге максималдуу тез баруусу талап кылынат, сиренасын жагып баратса да обгонго чыгып татаал маневр жасоого туура келет. Анан кантип бул максаттагы унаа он рулдуу болушу керек?!! Же Окмоттогу бир ууч жепжутар орт очуруучулор да авария болуп каза болушун каалап жатабы?!! Кайсы логикага таянып айтты ушуну?!!
Болгону XXXX
Экинчиден орт очуруучу унаа сыяктуу унаалар он рулдуу болсо, орт очуруу кызматы кырсыкка бат жетуунун ордуна, озу башка кырсыктын (авариянын) себепкери болот...
Меники оң рулдуу. Кудай сактасын, тыгылып көргөн эмесмин. Обгон алуу проблема эмес, тескерисинче ыңгайлуу - оң жактагы барьерге карап жеңил өтөм. Батпачу жерге батып, айланып качуу рахат. Анан эле билбейм ким кыйналат.