super.kg logo

Бишкекте атып өлтүрүлгөн аялдын сиңдиси: "Эжем 60 жылдык юбилейин өткөрүүнү пландап жаткан"

 

Бүгүн, 21-июлда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда 60 жаштагы Бурмаш Акматованын өлүмүнө айыпталгандардын иши боюнча сот отуруму өттү. Анда маркумдун бир тууган сиңдиси Алмагүл Бейшенбаева суралды.

"Жездем 2010-жылы оорудан улам каза болуп калган. Эжем каза болоруна 5 күн калганда 2 бөлмөлүү үй алып алсамбы деп айткан. Ошол эле учурда 60 жылдык юбилейин бир туугандар менен өткөрмөк. Кырсык болгондон кийин видеокамерага тартылып калган тасмада эжемдин досу Майрам Абдурасулова экенин тааныдым. Дагы бир киши жездемдин жемпирин кийип алардын темир дипломатын кучактап баратыптыр. Кийин эжемдин өлүмүнө шектелген Абдырасулова жерге берүү зыйнаты күнү келип сөөк жаткан боз үйгө кирбей койгон. Ал күнү ал өзүн бир жерге коё албай башкача абалда турган", - деп билдирди Бейшенбаева.

Соттук отурум 2-августка жылдырылды.

Айта кетсек, окуя 22-февраль күнү түшкө чейинки убакта Бишкектеги Тыныстанов көчөсүндө болгон. Анда 60 жаштагы Бурмаш Акматованы белгисиз кишилер өз үйүндө өлтүрүп кетишкен. Аялдын жанында бир жашар ымыркай да болгон. Сөөктү алгач мектептен келген небереси көргөн. Ал эми март айынын башында кылмышка шектүү катары 1956-жылы туулган Майрамкүл Абдурасулова жана 1953-жылы туулган Нарын Токтошев кармалган.

Алдын ала маалымат боюнча, Майрамкүл Абдурасулова маркумдун курбусу болгон. Ал окуя болгон күнү анын үйүнө мурдагы күйөөсү Нарын Токтошев менен кошо келген. Кийин Токтошев маркумду башка атып, үйдөгү 15 миң долларды алып кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
21.07.2017. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Киши олтургондорго олум жазасы киргизилсе жакшы болмок.
21.07.2017. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тиги куйоосун жиликтеген келин эмне болду уй камагына чыгарылган дейт ошол чынбы билип берсениздер супер
24.07.2017. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
erkeleim, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилген.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: