ЭЛДИК ВИДЕО: Башка улуттун эркектери менен жүргөн кыздан "кыргызсыңбы?" деп сурап видеого тартышты (сөгүнгөн сөздөр бар)
SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Башка улуттагылар менен жүргөн кыздан "кыргызсыңбы?" деп сурашты", - деген аталыштагы видео жүктөлдү.
Видеого тартып жаткан адам түнкүсүн көчөдө жүргөндөргө кайрылып, эркектердин арасындагы кыздын улутун сурап жатат.
"Бул кыргыз кызыбы? Акмак, армян улутундагы эркектер менен жүрөт", - деп сөгүнүп, жаман сөздөрдү айтууда. Кызды жандаган эркектер аны жөн гана узатып бара жатканын билдирип, видеого тартпоону айтышууда. Видео социалдык тармактарда талкууланып, ал Москва шаарында тартылышы мүмкүн деген пикирлер бар.
Эске салсак, өздөрүн "Патриоттор" деп атаган топ 2013-жылы Сапаргүл аттуу кызды башка улуттагы эркектер менен сүйлөшөсүң деп суракка алып, сабап, видеосун интернетке жүктөшкөн. Ага улай эле "патриоттор" өздөрү ур-тепкиге алган кыздардын видеосун интернет тармактарына жарыялап турган.
Башка улуттагылар менен жүргөн кыздан "кыргызсыңбы" деп сурашты

Сен башка улуттун эркегине азгырылгыдай, оз башын озундо эмеспи, озунду озун башкара ал
Андан коро куйоонузго жардам бериниз:адамда жакшы сапаттар дайым болот.
Кучтуулугунуз уй-булоонузду сактаганынызда билинет,канча башка эркеке жагам да эмес.Иллюзиялар менен жашабай,реалдуу жашоого карап жашаныз.
Кудайым Озу Жардам Берсин!
Бул кун эмес Уркундо да Энелер,
Талкан учун саткан эмес денесин.
Кудай озу Ыйман берсин!
Башка улуттун кыздары болгондо жузун жашырып бекитпей сурамак эмне болду деп...
Уят эле кыргыздын кыздары...
Москвада озбек, тажик, орус, армян, азери, турк менен жургон, "бузулган" кыздар толтура... Алардын ар бирин сабап чыкканга патриоттор жетишпейт дагы, сабаган менен да п
Ошондо ошол "бузулган" кыздын ата-энеси, тууган-уругу болсо, оздору тарбияга чакырып алышаар.....
Видеодогулар жаш кыз эмес чоң эле аялдардай көрүнүп туратко,биз бул жакта какшаган менен эч кандай пайда чыкпайт. Жаман сөз жазып күнөөлөрүн көтөргүчө. Эжелерибизге ыйман тилеп койгула.
Жылан кылат экен да.Башка улутка
барам дебей ачык айтып суйлош
ден соолугунда проблема бардыр