Өзбекстандагы жогорку окуу жайлар этеги кыска көйнөкчөн жана хиджабчан кыздарды кабыл албай жатат



Өзбекстандагы университеттер кыска юбка, көйнөк кийген жана хиджаб жамынган абитуриент кыздардын документтерин кабыл албай жатат. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, айрым жогорку окуу жайларда ылайыктуу кийинүү талап кылынууда. Этеги кыска көйнөкчөн жана хиджаб жамынган кыздарга кийимин алмаштырып келиши айтылып жатат. Жогорудагы көрсөтүлгөн талаптар өлкө аймагындагы бир катар жогорку окуу жайларда коюлууда. Алардын катарында Андижан мамлекеттик университети, Новои педагогикалык институту, Кокон педагогикалык институту да бар.
Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, коомдук жайларда диний кызматкерлерден башкалар мусулмандардын сүннөт кийимин кийингени үчүн 15 суткага чейин камакка алынат же айып салынат.


Хиджаб кийгендерди да, хиджабсыз окуй албайбыз десе медресе, ислам университеттеринен билим алышсын...
Союз убагында мектеп окуучуларынын бирдиктуу формасы болчу эле. Азыр айрым мектептер бирдиктуу формага откону менен иш жузундо ар ким оз билгениндей кийингенин корууго болот.