Ооганстандагы жардыруудан каза болгондордун саны 35ке жетти
Ооганстандагы жардыруудан каза болгондордун саны 35ке жетти. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Бүгүн эртең менен Ооганстандын Кабул шаарынын батыш бөлүгүндө жардыруу болгон. Жанкечти жардыруучу зат орнотулган автоунаасы менен автобусту барып сүзгөн. Натыйжада автобус күйүп кеткен. Аталган өлкөнүн Ички иштер министрлиги башында 24 адам каза болгонун билдиришкен. Ошондой эле 40тан ашуун адам жаракат алган. Автобустун ичинде Тоо-кен өндүрүү министрлигинин кызматкерлери баратканы белгилүү болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.