Санкт-Петербургдагы жардырууну уюштурууга шектелип кармалган Акрам Азимов кыйноого кабылганын айтууда

Санкт-Петербургдагы жардырууну уюштурууга шектелип кармалгандардын бири, Кыргыз жараны делген Акрам Азимов Орусиянын Федералдык Коопсуздук кызматынын "жашыруун абагында" кыйноого кабылганын айтууда. Бул үчүн ал аталган кызматтын кызматкерлерине кылмыш ишин ачууну талап кылып жатканын жактоочусу Ольга Динзенин сөзүнө таянып 26-июлда "РИА Новости" басылмасы жазып чыкты. Жактоочунун айтымында, Азимовдун манжаларынын издери калышы үчүн колуна граната кармоого мажбурлашкан.
Эскерте кетсек, 3-апрелде Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы "Сенная площадь" жана "Технологический институт" станцияларынын аралыгында жардыруу болуп, жанкечти менен кошо 14 адам каза болгон. Ошондой эле 49 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Ал эми "Площадь восстания" станциясында калтырылган жарылуучу зат өз убагында табылып, жардыруу ишке ашпай калган. Тергөөнүн версиясы боюнча, терактты Орусиянын жараны Акбаржон Жалилов жасаган. Аны уюштурууга шектелип бир туугандар Акрам жана Аброр Азимов менен кошо 8 киши кармалган.


Шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт дейт