Бишкекте "шаар тургунунан акча алып, качып кеткен" деп шектелген жаран кармалды
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ушул жылдын башында милиция кызматкерлерине шаар тургуну кайрылып, Арстан аттуу чала тааныш жигит алдап кеткенин айткан.
"Арстан аттуу жигит шаар тургунунан "Хонда Фит үлгүсүндөгү унааны 1500 долларга, Лексус үлгүсүндөгү унааны 2500 долларга жана ноутбукту 2000 сомго сатам" деп акча алып, бирок эки унааны, ноутбукту бербей качып жүргөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 28 жаштагы Б.А. кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, башка кылмыштарга катыштыгы бар же жогу такталууда", - деп айтылат Бишкек ШИИББинин маалыматында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Bars88

02.08.2017. 08:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жомоктогу бааларго ойлонбойбу озу дагы акча берген адам.1500 го урдалган эле фит албаса
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.