Ноокен районунда 20 жаштагы жаран 1 килограммдан ашык маңзат менен кармалды
Ноокен районунда 20 жаштагы жаран 1 килограммдан ашык маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 20 жаштагы Х.Ж. аттуу жаран 31-июль күнү Ноокен РИИБинин кызматкерлери тарабынан кармалган. Анын жанындагы пакетти текшерүү учурунда жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган.
"Жүргүзүлгөн тиешелүү экспертизанын жыйынтыгында, табылган зат "марихуана" экени аныкталып, анын салмагы 1 килограмм 70 граммды түзгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Эгерде ушул Кыргыз болгондо уй булосунон бери жазмакчынар