super.kg logo

Жапаровду колдоо митингинде кармалгандардын сотунда айыпталуучулардын бири 25-март күнү тосуп алуу үчүн атайын айылдан келгенин айтты

 

Бүгүн, 4-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Садыр Жапаровду колдоо митингинде "баш аламандык уюштурган" деп айыпталып кармалгандардын соту өтүүдө. Соттук отурумдун жүрүшүндө айыпталуучу Адыл Исаев көрсөтмө берди.

"Митинг күнү досум менен түштөнүүгө баратып элге кошулуп калдым. Митингде милицияны таш менен уруп, формасын айрыган жокмун. Башкалардын да милиция менен урушуп жатканын көргөн жокмун. Эл жөн гана "УКМКдан өкүлдөр чыгып, Жапаров качан чыгарын айтсын" деп талап кылып жатты. Бир убакта эл менен милициянын ортосунда кагылышуу болуп кетти. Митингчилерди кармап баштаганда Байгазы Казиев деген баланы милиция кызматкерлери бети-башын көгөртүп сабашты. Ошол учурда Рустам Жапаров да сабалып ичин кармап жатты", - деди Исаев.

Ал эми дагы бир айыпталуучу Жаңыбай Жеңишбеков 25-март күнү митингге катышуу үчүн атайын айылдан келгенин айтты.

"Митинг болуп тополоң болгондо милициялар элди кубалап, формачан күч кызматкерлери асманга желим ок менен атып жатты. Эл менен чогуу мен да качып баратып жыгылып калдым. Ошол учурда милиция кызматкерлери бети-башыма тепкилеп, тишим сынды. Негизи ал күнү Жапаровду тосуп алып айылга кетмекпиз. 25-мартта айылдан кичи автобус менен 18дей адам келгенбиз. Биз өз алдыбызча чогулганбыз", - деди Жеңишбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.08.2017. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сакалчан чыйылдаган киши автобустун айнегин талкалаган
коргом коз айнекчен олтурат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: