14 жыл мурун Казакстанга кетип, дайынсыз болуп жүргөн адам табылды. Ал Кыргыз жерине келүүдөн баш тартты
14 жыл мурун Казакстанга иш издеп кеткен боюнча дайынсыз болуп жүргөн адам табылганын Акыйкатчы институтунан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну институтка кайрылып, Ош облусунда жашаган 51 жаштагы агасы 2002-2003-жылдары Казакстанга жумуш издөөгө кетип ошол бойдон дайынсыз болуп жатканын, аны издөөгө жардам берүүнү суранган.
Тургундун айтымында, 2017-жылдын февралында агасы Алматы облусунун Чилик районунун аймагында экендиги тууралуу маалымат алган. Бирок анын жашаган дареги жөнүндө маалымат так эмес болгон.
Акыйкатчы институтунун өтүнүчү менен Алматы шаарындагы консулдук ал адамды тапкан. Бирок табылган адам Казакстанда үй-бүлө күтүп алгандыктан Кыргыз жерине келүүдөн баш тарткан. Консулдуктун өкүлдөрү ал өз мекенине кайтууну кааласа, документтерди даярдап бере турганын билдиришкен.


Айфонс де )))) Альфонс дегиниз келди да туурабы, бирок ага деле окшобойт го. Андай адамдар алдамчылык мн аялдардын эсебинен жашаганды конумуш кылып алгандар. Бул кишинин уй булосу бар турбайбы, жон гана мерез бир туугандык сезими жок кайдыгер адам окшойт.