super.kg logo

Элчилик: "Орусиядан жол кырсыгына кабылган кичи автобусту Кыргыз жараны башкарып бара жаткан"

 

Орусиядан жол кырсыгына кабылган кичи автобусту Кыргыз жараны башкарып бара жаткан. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

"Жол кырсыгына кабылган кичи автобусту эки Кыргыз жараны башкарып бара жаткан. Ал эми ичинде Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары болгон. Алар эч кандай оор жаракат алышкан эмес", - деп билдиришти элчиликтен.

Айта кетсек, жол кырсыгы 8-август күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:35 чамасында Оренбург облусундагы Нижняя Павловка-Холодные Ключи трассасында болгон. Анда Шевроле Ланос үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыгып, Мерседес үлгүсүндөгү кичи автобус менен сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жана жүргүнчү каза болгон. Орусиялык маалымат каражаттары кичи автобустун ичинде Өзбекстандын 15 жараны болгонун жана алардын Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүрүшкөнү аныкталганын жазышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.08.2017. 08:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Россияда жыргап,жетишкендеринен жургон жокда билгендерге Россия айла жоктун иши.Эми черный деп буларды куноолу кылып койбосо болду
10.08.2017. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
TazaKyrgyz,ошода тиги олгон орус болсо байкуш биздин кыргыздарга куноо койуп койбосо болду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: