super.kg logo

Райкан Төлөгөнов ооруп жатканын айтып, отурумду башка күнгө жылдыруу өтүнүчүн келтирди. Сот аны канааттандырды

 

Бүгүн, 10-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Райкан Төлөгөновдун иши боюнча соттук отурум өттү. Анын жүрүшүндө Төлөгөнов ооруп жатканын айтып, отурумду башка күнгө жылдыруу өтүнүчүн келтирди.

"Бүгүнкү отурумду кийинкиге жылдырууңузду суранам. Анткени учурда абалым оор болуп турат. Башым айланып, кускум келип жатат. Мени менен чогуу СИЗОнун дарыгери да келген", - деди Төлөгөнов.

Сот келтирилген өтүнүчтү канааттандырып, соттук отурумду 16-августка жылдырды.

Эске салсак, Райкан Төлөгөнов "тоноо", "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү" боюнча айыпталууда. Ал ушул жылдын 28-март күнү 2010-жылдагы мародёрчулук боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.08.2017. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карапайым адамдарды бир паста эле соттоп коёт. Булардын соту жаман созулдугоо!
10.08.2017. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кыздык алсам жашарам деп,эже синдини түрмөгө отургузган ушулбу???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: