super.kg logo

Якутиядагы суу каптаган шахтада калган 8 жумушчу табыла элек

 

Якутиянын Мирный шаарындагы "Алброса" компаниясына таандык шахтаны дагы деле суу каптап жатат. Бул тууралуу Би-би-си маалымат агенттиги жазган. Маалыматка караганда, суу каптаган шахтада калган 8 кенчи табыла элек.

Дайынсыз делип жаткан Алексей Марьин аттуу кенчинин тууганы Дмитрий Марьин куткаруучулар шахтаны суу каптап, баткактан ичине кирүү мүмкүн болбогондугуна шылтап дүйшөмбү күнү эле издөө иштерин токтоткондугун билдирген.

"Ылай суу акырындык менен шахтанын ичин каптап жатат. Издөө иштери жүргүзүлгөн аймакты баткактан тазалаш керек. Учурда шахтанын абалы издөө иштери үчүн оор болуп жатат", - деп маалымдаган бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Кен казуучу жайдын абалы буга чейин эле кооптуу болуп келгенин табылбай жаткандардын туугандары Би-би-си агенттигине айтып беришкен. Алардын айтымында, ушул жылдын 24-июлунда, 29-июлунда да шахтаны суу каптап, кооптуу абал жаралган.

Эске салсак, 4-августта Якутиянын Мирный шаарындагы алмаз кени казылган шахтаны суу каптап кеткен. Шахтага суу сактагычтагы 270 миң куб/метр суу каптап кирген. Бул учурда кен казуучу жайда 151 жумушчу иштеп жаткан. Куткаруучулар шахтага клеть (шахтадагы көтөргүч машина) түшүрүшүп, 142 кенчини сактап калган. Окуя болгондон 1 күндөн кийин дагы бир жумушчу куткарылган. Бир аптадан бери шахтада калган 8 адамды издөө улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.08.2017. 08:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аман эсен болушсун, табылып калсын
11.08.2017. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Табылса экен байкуш жумушчулар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: