super.kg logo

Ысык-Көлдүн жээгинде швейцариялык жаран каза болду

 

Ысык-Көл районунун Тамчы айылындагы пансионатта эс алып жаткан Швейцариянын жараны кум жээкте каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында окуя бүгүн, 11-августта эртең мененки саат 08:40тар чамасында болгон.

"Күбөлөрдүн айтымында, Швейцариянын 74 жаштагы жараны эртең менен көлгө түшүп жээкке чыгып эле кулап, каза болуп калган. Ал 53 жаштагы аялы менен эс алууга келген. Аялы кыргыз, алар Швейцарияга барып келип турушкан, бирок Бишкекте жашашчу экен. Аялы күйөөсүнүн кан басымы көтөрүлүп, дары ичип жүргөнүн айткан. Алар Ысык-Көлгө келе жатып дарыларын унутуп калышкан. Каза болгон жарандын аялы күйөөсүнүн өлүмүн дарыларын ичпей калгандыгына байланыштырууда", - дейт Усубакунов.

Учурда тиешелүү экспертиза жүргүзүлүп жатканын, анын жыйынтыгы менен эс алуучунун өлүмүнүн так себеби аныкталарын кошумчалады маалымат катчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
11.08.2017. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-17
Жакшы ечкимге зыйаны тийбей олуптур
11.08.2017. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ажал айттырбай келет деген ушул да. Кимге кайсы жерде өлүм жазса эч кайда качып кутула албайсың.
11.08.2017. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Жездебиздин жаткан жери жайлуу болсун!
Эжебизге конул айтабыз!
11.08.2017. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Revolyutsiya2, mirlanpiter, жеке айтышууларга жол берилбейт. Эскертүү!
11.08.2017. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жайы жанатта болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: