super.kg logo

БШК: "Баткен облусунун өкүлүнүн жумуштан кетиши Темир Сариев үчүн тост айтканына байланыштуу эмес"

 

Борбордук шайлоо комиссиясынын Баткен облусунун өкүлү Замира Жороева президенттикке талапкер Темир Сариев үчүн тост айтканына байланыштуу жумуштан кеткен эмес. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта SUPER.KG порталына аталган комиссиянын аппаратынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Жороева 11-июлда өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган. БШК анын тажрыйбасын, билимин баалап учурда окутуу борборунда окутуучу болуп иштеп жатканын билдирди.

Эске салсак, 15-августта Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева өзүнүн интернеттеги баракчасына БШКнын Баткен облусундагы өкүлү кызматтан кеткенин жазып чыккан. "Өкмөттө иштегендердин бири "Замира Жороева кайсы бир кечеде "Ак Шумкар" партиясы жана Сариев үчүн тост айтты" деп арызданган экен. Анын кесипкөйлүгүнө эч кандай доомат жок болчу. Жумуштагы эффективдүүлүгү үчүн облуска өкүл болуп дайындалган. Жороеванын айтымында, ал Темир Сариевди тааныбайт экен", - деп жазган Журабаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
16.08.2017. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эптеген жашай турган заман болуп калды....
16.08.2017. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин балам тааныйт го Сариевди
16.08.2017. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул уят да эми Темир Сариевди тааныбаса, кантип БШКда иштеп аткан. Жон эле орусча айтканда ОТМАЗКА да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: