Бишкекте мотоцикл менен унаа сүзүшүп 1 адам каза болуп 3 адам жаракат алды
Бишкекте мотоцикл менен жеңил унаа сүзүшүп 1 адам каза болуп 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 19-августка караган түнү саат 1:30 чамасында Чүй жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Тоголок Молдо көчөсү менен бара жаткан мотоцикл Чүй көчөсүндө бара жаткан Тойота Пассо үлгүсүндөгү жеңил унаа менен сүзүшүп алган.
Натыйжада мотоциклдин 22 жаштагы айдоочусу ошол жерден каза болсо, аны менен чогуу бара жаткан 17 жаштагы кыз оор жаракат алган. Ал эми унаанын 23 жаштагы айдоочусу жана 23 жаштагы жүргүнчүсү да жаракат алып ооруканага жеткирилген.
Ошондой эле аталган маалыматта учурда кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатканы айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
aydinnur

19.08.2017. 23:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орзубек Назаровдун кызы экен, эл-журтка жардам сурап кайрылды го...
surgeon777

20.08.2017. 00:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
aydinnur,ооба,Орзубек Назаровдун 17жаштагы Аделина деген кызы экен,азыркы тапта комада жатат,кан сурап кайрылып жатат атасы,каны да сейрек кездешуучу 4-топ болуп проблема жаратса керек...
meni_kut

20.08.2017. 12:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
surgeon777,каны 1-топ экен
zamir_kgz

20.08.2017. 04:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кечээ куну эле Кочкоратадан откондо бир мас скутердин чонураагын минип алып жолдун ортосунда кетип баратат. Менда абайлап, кудай сакта деп отуп кеттим. Каска-маскасы жок эле машиналарга тийишип айдайт тим эле олгусу келгенго.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.