super.kg logo

Бишкек ШИИББи: "Катуу ылдамдыкта бараткан мотоциклди Патрулдук милиция артынан кууган" делген маалымат боюнча текшерүү жүрүүдө"

 

Бишкекте "Катуу ылдамдыкта бараткан мотоциклди Патрулдук милиция артынан кууган" делген маалымат боюнча текшерүү жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси "транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу" менен кылмыш иши козголду.

"Биринчи топтолгон материалдарга караганда, Патрулдук милиция кызматкерлери катуу ылдамдыкта бараткан мотоциклди көрүшүп, кайсы тарапка кеткенин билүү үчүн артынан барышкан. Азыркы тапта ал боюнча маалыматтар текшерилүүдө. Негизи жол эрежесин бузган машинаны артынан кууганга болбойт. Муну бардык эле кызматкерлер билишет. Артынан кууганга кээ бир учурларда гана уруксат. Мисалы, унаада коомго коркунуч жараткан кылмышкер баратканы анык болсо. Мотоциклдин айдоочусу жол эрежесин бузган. Аны көргөн Патрулдук милиция башка кызматкерлерге билдирүү бериш керек. Эгер чындап эле мотоциклди Патрулдук милициянын кууп баратканы аныкталса, аларга тиешелүү чара көрүлөт", - деди Адыл Оморов.

Айта кетсек, жол кырсыгы 19-августка караган түнү саат 01:30 чамасында Чүй жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Тоголок Молдо көчөсү менен бара жаткан мотоцикл Чүй көчөсүндө бара жаткан Тойота Пассо үлгүсүндөгү жеңил унаа менен сүзүшкөн. Жыйынтыгында мотоциклдин айдоочусу окуя болгон жерден каза таап, ага учкашып келе жаткан 17 жаштагы Аделина Назарова (Орзубек Назаровдун кызы) оор абалда Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө институтуна жеткирилген. Ал эми жеңил унаадагы айдоочу жана жүргүнчү да ар кандай жаракаттарды алышкан. Окуянын күбөлөрү катуу ылдамдыктагы мотоциклди Патрулдук милиция кууп келе жатканын айтышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(8)
22.08.2017. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Belgiluu adamdarga ele ishteisiner , bashka karapaiym adam bolgondo bashkacha bolmok
22.08.2017. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайым эле куушат. Бул кадимки корунуш
22.08.2017. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
anda ka4yw kerek eken, kuuganga bolboso
22.08.2017. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кууп эле журушот дайыма
22.08.2017. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми билип алжым качпасам кууп корсун арызданам хмм
23.08.2017. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен жеке таксистмин. Мен коргом кууганын, Мен ошол маалда "Жалал-Абад" деген кафенин алдында тургам. Алыстан мотоциклдин уну укмуштай катуу чыгып келе жаткан, артында ПМдин машинасы келе жаткан кууп... Эми камерага тартмайынча моюндарына алышпайбы эми... Мени кубо катары чакырса барып корсотмо берет элем.
23.08.2017. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
SUPER.KG кантип корсотмо берсем болот?
23.08.2017. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tular, саламатсызбы! Купуя аркылуу телефон номериңизди жиберсеңиз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: