super.kg logo
  Спорт  

Кыргыздар көк бөрү боюнча мелдеште өзбектерди 11:2 эсебинде утту

 

Казакстандын Астана шаарындагы "Казанат" ат майданында көк бөрү боюнча өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз улакчылары өзбек курамасын 11:2 эсеби менен жеңип алды.

Оюн учурунда Кыргыз өлкөсүнүн улакчылары мыкты оюн көргөзүп 1-бөлүктө атаандашына 4 улак таштаган. 2-бөлүктө Кыргыз улакчылар атаандашына 7 улак таштаса, өзбек улакчылар ага 2 улак таштап жооп берди.

Оюндун жүрүшүндө Кыргыз улакчылары каршылык көргөзбөй, өзбек командасына улак таштаганга мүмкүнчүлүк түзүп бергенин көрүүгө болду.

Беттештин жыйынтыгында, Кыргыз курама командасы 11:2 эсеби менен жеңишке жетти.

23-августта Дүйнө чемпиондугунун 3-турунун алкагында Кыргыз курама командасы Түркия курамасы менен ойнойт.

Эске салсак, кечээ, 21-август күнү Кыргыз курама командасы Монголия курамасы менен беттешкен. Анда Кыргыз улакчылар атаандашына мүмкүнчүлүк бербей, биринчи бөлүктө 2 улак таштаса, экинчи бөлүктө дагы 2 улак таштаган. Жыйынтыгында Кыргыз улакчылар 4:0 эсебинде жеңип алган.

Маалымдай кетсек, аталган мелдеш "EXPO-2017" көргөзмөсүнүн алкагында өтүп жатат. Анда жалпы 12 курама команда катышып 2 тайпага бөлүнгөн. Кыргыз курама командасы "А" тайпасына туш келип Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия жана АКШ курамалары менен беттешет.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 12 
Комментарийлер(49)
22.08.2017. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Алга кыргызым силерди Аллах колдосун
22.08.2017. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
4-0 болду
22.08.2017. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Алла Таала колдосун
22.08.2017. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Манастын урпактары Алга жениш биз тарапда
22.08.2017. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Алгааа Кыргызстан!!! Буйруса утуш биздики онланй көрөалбай ичим бышып отурам
22.08.2017. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Коп кучту кетирбей акрын ойноп кучту казактарга сактагыла жигиттер
22.08.2017. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Алга!!!Кыргызстан!!! Кундо ушундай ойун корсото бергиле жигитер!!!
22.08.2017. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Кудай буйруп акчаны алып кайткыла
22.08.2017. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Супер инфо кайсыл каналдан коруп жатасынар жазып койгулачы сураныч
22.08.2017. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
aerforce, Инстаграмда кокбору деп издесен ошол жерден туз коргозуп жатат.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: