Аксыда кожогат тергени барган төрт аял аскадан кулап, үчөө каза болду
Аксыда кожогат тергени барган төрт аял аскадан кулап, үчөө каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 20-август күнү саат 21:30дар чамасында, Аксы районунун Авлетим айыл аймагында болгон. Анда Ой-Алма жайлоосунан кожогат терип келе жатышкан Чалдыбар айылынын тургундары 1958-жылы туулган Н.Ж, 1967-жылы туулган К.Ж., 1958-жылы туулган Ө.Г. аттуу аялдар жана 12 жаштагы өспүрүм кыз аскадан кулап кетишкен. Натыйжада 3 аял окуя болгон жерден каза болуп, 12 жаштагы окуучу кыз оор абалда Аксы аймактык ооруканасына жеткирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
4

элиме ден соолук берсин,жериме тынччылык,токчулук,берекесин чачсын.
. Жакындарына терен кайгыруу менен конул айтабыз форумдун жамааты. Бейишинен бер АЛЛАХЫМ.