super.kg logo

Ошто "муниципалдык унааны айдап качкан" деп шектелген жаран: "Негизи аракты көп ичем, КамАЗды эмнеге жана кантип айдап чыкканымды билбейм"

 

20-августтан 21-августка караган түнү Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда Оштогу муниципалдык ишкананын гаражында токтоп турган КамАЗды белгисиз адам айдап кеткени айтылган. Дароо Патрулдук милициянын кызматкерлери барышып, гараждан 400 метр ары жакта КамАЗды айдап бараткан жаранды кармашкан. Ал ошол учурда мас абалда болгон.

"Бизге маалымат түнкү саат 01:45 чамасында келип түштү. Окуя болгон жерге дароо барып, шектүү катары 1995-жылы туулган Э.Тны кармадык. Ал КамАЗдын борту көтөрүлгөн абалда айдап кеткен. Мындан улам Мамыров көчөсүндөгү бир катар байланыш, электр зымдары үзүлүп, газ түтүгү жарылган. Биз ал көчөнүн эки жагын жаап, тиешелүү кызматтарды чакырдык", - дейт Ош ШИИБинин Патрулдук милиция бөлүмүнүн кенже инспектору Нурлан Жунусбаев.

Ал эми шектүүнүн айтымында, жанында дагы бир адам болгон, ал КамАЗды жүргүзүп берген.

"Негизи аракты көп ичем. КамАЗды эмнеге жана кантип айдап чыкканымды билбейм. Аны менин жанымда болгон адам билет. Ал менен чогуу арак ичтим, болгону ошол. Мен издөөдө эмесмин, менин күнөөм жок", - деп көрсөтмө берген шектүү.

Бирок патрулдук унаада шектүү өзү гана болгонун айтууда. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
23.08.2017. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Алда эне жаш тайынар аракты коп ичсен сен адам болбойсун
23.08.2017. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дааа жапжаш эле бала экен. Негизи аракты коп ичем дегени кантет.
23.08.2017. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сакалына эмне бар?
23.08.2017. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
95 жылкы эле бала экен. 22де эле го . Жапжаш туруп аракты коп ичем дегени жаман экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: