super.kg logo

Базар-Коргондук тургун алгач аялын өлтүрүп, кийин өзү да асынып каза болду

 

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун жашоочусу аялын бычактап өлтүрүп, өзү асынып каза болду. Бул туурасында бүгүн, 26-августта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

"25-августта саат 07:00 чамасында Базар-Коргон РИИБине Бешик-Жон айылында 1978-жылы туулган М.А. аттуу эркек адам өзүнүн сарайында асынып алгандыгы тууралуу кабар түшөт. Милициянын ыкчам-тергөө тобу айтылган дарек боюнча барып, үйдүн бөлмөсүнөн Т.Ж. аттуу 30 жаштагы анын аялынын да жансыз денесин табышат. Жубайлар 10 жылдан бери чогуу жашап келишкен. Окуядан бир күн мурун түн ичинде экөө чатакташып, күйөөсү ашкана бычагы менен аялын көкүрөк тушка сайып өлтүрүп, андан соң сарайына барып асынып алган. Кылмыш иши боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери башталды", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жубайлар жаңы салынган үйүнө быйыл гана көчүп келишкендиги, 2 баласы каргашалуу окуя болгон түнү туугандарыныкына кеткендиги, каза болгон келин жакынкы күндөрү Орусияга кетүү үчүн учакка билет алып койгондугу кошумчаланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(18)
26.08.2017. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Суук кабар :(
26.08.2017. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Уруш жанжал атын очкур россиядан чыгыптырда аялын кызганып. Жайлары жаннаттан болсун жакындарына сабыр берсин.
26.08.2017. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Россия миграция коп адамдын тагдырын талкалады
26.08.2017. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
сабыр
26.08.2017. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Биздин чондор качан бизге чара корушот? Айлыктарыбызды которуп мигрантарыбызды Кыргызстанга кайтып алып келгенге аракен кылышса болот эле го. Чондорубуздун айлыктары 50 минден 100 минге чейин алышат да, карапайым элибиз 2 мин 4 мин эле алышат. Качан чондорубуз онолот? Биздин 2 мин 4 мин айлыкты чондор алышса, биз 50 мин 100 мин алсак болот эле го. Я чондор, эмне дейсинер?
26.08.2017. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жаман окуя болду да келин биз жактык эле
26.08.2017. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
келин россияга кетем деп ошодон жанжал болгон окшойт. жайы жаннатта болсун.
27.08.2017. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Семья болгондон кийин чогуу эле жургону жакшы Россиябы деги эле дуйно кыдырып кетпедикпи, чогу журбосо Кыргызстанда деле бузулуп атпайбы турмушун кургур кыйнады го Кыргызстанда эле иштеп ээрчишип журбойт беле, бийлик куноолуу, мииллиардерлер кайда журушот жумушчу орун курбай, тайрандап той беришип ага тенелем деп карапайым эл карызга батып той беришет! Жакындарына сабыр, жаткан жери жайлуу болсун.
27.08.2017. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Озу Россиядагыларга тан калбайм,айла жок силерге.
Ал анын аялы,бул тигинин куйоосун деген тушунук жок!!!Ойношу жок адамдын озу жок да Россияда!!!Анан актанып,минус басып,ар нерсени жазбагыла мага.
27.08.2017. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kanatbekabytovich82, Ошол Россияда жургон эн акыркы адамдын да сага караганда чонтогундо тыйыны бар. Жуз пайыз кепилдик берем сага, чонтогундо квартирана тологондон, жол кире кылгандан, анан эптеп обед кылып, кечкисин сууга макарон бышырып жегенден ашык бир тыйынын жок. Андай адамдарды Кыргызстандан толтура коргом. Алган айлыгы он мин сом. Ашып баратса он эки мин. Кийгени арзан костюм шым, суйлогону депутат, чондор бул жакта эле калат. Офисте иштейм, мигрант, гастарбайтер эмесмин дегени.
27.08.2017. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
kanatbekabytovich82, Жада калса мага жакын таныш эле адамдар ошондой коз карашта экенин коргом. Кыйынсынып суйлоп,так сендей болуп, жок нерсесине эле, бизден мигранттардан озун ойдо коргону жаман арын, анан карызга акча сурап койсо куйбогон жерин кул болот да. Муну да кадыр-баркына шек келтирди деп чыгарбай коюп журбогуло суперчилер. Аларга болушуп,таламын талашып.
27.08.2017. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nibiru., ботон элде хан болгуча, оз элинде кул бол. Чонтокто акча жок болсо дагы, арзан кийим кийсек да, ата-эне,бир тууган, бала бакыранбыздын жанында жургон кандай жакшы. П
27.08.2017. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Dolbooruwka,Так ошолор ата-энесин, бала-чакасын эч нерседен кем кылбай багып, анысы аз келгенсип сага окшогондордон биртке айлыкты талашпай, кыйналса да чет жерде журушот. Кыргызстанда жатып алып, иш жок, акча жок деп мамлекетке, окмотко олугун артпай.
27.08.2017. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Dolbooruwka, Анан да сенин айтканын бир четинен туура. Ата-энендин, бала-чакандын жанында болгон эн сонун. Бирок жашаш керек да. Колдон келсе кандай гана жол менен болбосун жакшы жашаш керек. Кандай жумушта иштейсин, каякта иштейсин айырмасы жок. Баардык шартынды тузуп алып, анан оз жеринде жашай берсен болот. Андыктан туура эмес канчалаган адамдын ар намысына тие турган создорду суйлогон.
27.08.2017. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kanatbekabytovich82, туптуура созунузго кошулам
27.08.2017. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kanatbekabytovich82,Бар,ойношу жок эле таза барып таза келгендер, беш кол тең эмес.Ар кимдин өзүнө ынсап берсин!Жаман жүргүсү келсе каерде болсо да жүрө берет.
27.08.2017. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мигранттар жыргаганынан келип жатат дейсиңерби.Если реально караганда Кыргыздардын баарын эмес,жарымынан көбүн мигранттар багып жатат,бул факт!
28.08.2017. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне жаман иш болсун чондор, президент куноолуу Кыргызстанда. Деги жакшы нерсе менен ойлонгон Эл барбы озу кыргызда. Россияда жургондун баарын жаман ойлошсо. Комментарий жазаардан мурда мен озум киммин деп ойлонуп туруп акыл насаатынарды же жон эле конул айтып жазып койгулачы. Россияда жургон адамдарга асылбай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: