super.kg logo

Ош ШИИБи башы кесилген аялдын өлүмү боюнча окуянын чоо-жайын айтып берди (хронология)

 
Шектүү 1980-жылы туулган Гүлнара.
Шектүү 1992-жылы туулган Умсанай.

Ушул жылдын 27-август күнү эртең менен Ош шаарынын Курманжан датка кичи районундагы таштанды таштоочу урнадан башы кесилген, белгисиз аялдын жансыз денеси табылган. Ош ШИИБинин кызматкерлери өзгөчө оор кылмыштын бетин эки суткада ачышты.

Ош ШИИБинин маалыматына караганда, маркум 1966-жылы туулган А.Жумагүл. Ал Чоң-Алай районуна караштуу Кашка-Суу айылынын тургуну. Үй-бүлөсү менен Кара-Суу районунун Мады айыл аймагындагы үйүндө жашап турган.

"Кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган Умсанай (маркумдун келини) жана анын 1980-жылы туулган бир тууган эжеси Гүлнара кармалды. Алар кылган иштерин толук моюндарына алышты. Алгачкы тергөө көрсөткөндөй оор кылмышка баруунун себеби үй-бүлөсүн сактап калуу болгон. Шектүүнүн айтымында, маркум "сен балама татыксызсың, сени ажыраштырам" деп айта берчү. Азыркы тапта кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти", - деп билдиришти Ош ШИИБинен.

Кылмышка шектүү Гүлнара өз көрсөтмөсүндө буларды айткан.

"26-август күнү эртең менен болчу. Үйдүн коңгуроосу катуу басылганынан жиним келип чыксам сиңдим келиптир. "Эмне болду?" десем "кайненемди өлтүрүп алдым" деди. Мен ишенген жокмун. Анан экөөбүз үйүнө бардык. Барсам аялдын жансыз денесинин үстүнө төшөк жаап коюптур. Мен эмне кылышты билбей калдым. Колумда балам бар эле", - деп көрсөтмө берген.

Окуянын хронологиясына токтолсок:

26-август саат 07:00. Келиндин күйөөсү жумушка кеткен соң маркум уул-келинин ажыраштыруу маселесин козгоп, келинине оор сөздөрдү айткан. Андан соң өзү жаткан бөлмөгө кирип, уктап кеткен.

26-август саат 09:00. Келини ачууга алдырып, сырттан алып келген таш менен кайненесин башка бир нече жолу урган. Анын өлүп калганы билинген соң өзүнүн бир тууган эжесинин үйүнө барып кайненесин өлтүрүп алганын айткан.

26-август саат 10:00. Эжеси экөөлөп маркумду үйүндөгү буюмдарга орошуп, чоң сумкага салышкан. Андан соң Анар кичи районундагы эжесинин үйүнө алып барып, балконго чыгарып коюшкан.

26-август саат 14:00. Эжеси экөө кеңешип, аялды жиликтөө чечимине келишкен. Умсанай борбордук базардан чоң сумка жана жаңы курчутулган бычак сатып келген. Эжеси өзүнүн жана сиңдисинин балдарын сыртка алаксытып алып чыгып кетет. Ошол учурда келини маркумдун башын кесип, бөлөк полиэтилен баштыкка салган. Буттарын дагы кесип ажыратууга аракет жасаган, бирок кыла алган эмес. Балдарды сыртка таштап келген эжеси экөөлөп үй буюмдарына (анын ичинде улуттук көшөгө дагы бар) ороп, чоң баштыкка салып, түн киргенге чейин балконго чыгарып коюшкан. Кеч киргенге чейин экөө тең өз үйлөрүндөгү кандын тактарын жууп, тазалап коюшкан жана өзүлөрүнүн күнүмдүк тиричиликтери менен алектенишкен.

26-август саат 21:30-22:00. Эжесинин үйүнөн балкондогу жансыз денени Умсунай көк түстөгү автоунаага салып, Ош шаарынын Курманжан датка кичи районундагы таштанды таштоочу урнага салып келген. Сөөктү унаадан түшүрүп таштандыга салууга ошол жердеги жарандардан жардам сураган. Алар баштыкта өлүк бар экендигине шектенбестен келинге жардам беришкен. Ал эми маркумдун башын эжеси Гүлнара өз алдынча Ош шаарынын К.Маркс мектебинин жанындагы таштанды салуучу урнага таштаган.

Азыркы тапта маркумдун башы табыла элек. Анткени 27-август күнү "Тазалык" ишканасы таштандыларды тазалап кетишкен.

Маалымат катары айта кетсек, кылмышка шектүү аялдын бир уул, бир кызы бар. Ал эми кылмышка шектүү катары өтүп жаткан анын эжеси Гүлнаранын дагы үй-бүлөсү бар.






Кайненесинин башын кесип, таштандыга ыргыткан деп келини шектелүүдө

Автор: Илимбек Туратбек уулу, Асхат Субанбеков
Оператор: Кайрат Сарбагышов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(54)
29.08.2017. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Анча мынча зөөкүр эркек кыла албай турган иш го бул! Мээ тоңуп калды элестетип алып...
29.08.2017. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кудай сакта кантип эээ
29.08.2017. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кудай сактасын
29.08.2017. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Кайненелердин, кайнене боло тургандардын журогун тушурдунор го!
30.08.2017. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
bond02,
Тушсун журоктору)))Ээээ атасынын гору,сен кимсин а,сен бир "тигиндейсин" да мындайсын да деп суйлогон кее бир кайненелердин создорун уксам мен деле ХХХХ салгым келет)))
Сабак болсун,тилдерин бир ааааааз тыйышсын эми.....
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-08-30 09:52:43
30.08.2017. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kanatbekabytovich82,кайнененер начар окшойт ээ.

Кудай сактасын бирок кимди эмне кутуп тураарын эч ким билбейт.
29.08.2017. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбандан да бешбетер го баарын кутсо болот булардан
tilek121277 түзөттү 2017-08-29 16:57:59
29.08.2017. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Иии ачууга алдырып эми омур бою бетине кара так калтырдын.Ачуу арас акыл дос дейт тууганым.Балдарын да бар экен,жашчылык кылдын го шордуу ай шордуу,балдарын эмне болот.Ата энен сен учун бети куйуп ататгоо...
29.08.2017. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
TazaKyrgyz,ооба, кылмышты бул жасады, жасасын чыдап алат, ата-энеси уйундо отуруп орттонуп эле кетет, балдарычы байкуштар кантишет эми.
29.08.2017. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Сөз жок титиреп кеттим окуп алып! Тобо ушундай да болобу???? Аллах ыйман ынсап берсин ар бирибизге!!!!
29.08.2017. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Акмактар! Ошол аял тороп чонойтуп койгон уулу сенин эрин болуп атпайбы! Кантип балдарындын чон энесине, суйуктуундун суйуктуу апасына кол котордун? Сага окшогондор жер жузундо жашоого акысы жок! Эжесинин да акылы жок экен.
30.08.2017. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
asi15,
Мумкун ушуга жеткиргендир эээй садагасы???
Туура,олтуруш керек эмес эле,бирок ошого жеткире турган аялдар дагы миндеп саналат го???
Эмнеге олгон адамды гана олгондон кийин аяшыбыз керек???Эмнеге ошол олгон аял озу ойлонбоду ушундай создорду айтып жатканда???
Ошол олгон аялдын айынан билесинби,эки уй булоо апасыз калды!!!
Ойлонуш керек акыры адам бир соз суйлоордо,бир ишти жасаарда!!!Кайненемин деп эле айта бербоо керек ар кандай кемсинткен созду!!!
29.08.2017. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
кантип коркпой кылышыптыр э ушул ишти...
29.08.2017. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Апасын олтуруп баласы менен бактылуу болом деп ойлодуда акмак.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: