Баткенде ири алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
Баткен шаарында алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Тергөө маалыматына ылайык, Баткен районунун тургуну 2025-жылдын январь айында таанышы «1 рублду 1 сомго айлантып берем» деп ишендирип, 485 миң рубль акчасын алып кеткенин билдирип арыз жазган. Андан кийин шектүү байланышын үзүп, из жашырып кеткен.
Милициянын маалыматы боюнча ушуга окшош фактылар боюнча дагы бир нече жаран арыз менен кайрылган. Натыйжада Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен төрт кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында 46 жаштагы У.Н. аттуу жаран кармалып, соттун чечими менен убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда окуя боюнча тергөө амалдары уланууда. Милиция аталган жарандан жабыркагандар болсо укук коргоо органдарына кайрылууга чакырды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















