super.kg logo

Сотто прокурор Салянованын тарапташтары менен кайым айтышып сыртка чыгып кетти

 

Бүгүн, 30-августта Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын үстүнөн козголгон иш боюнча отурум өтүүдө. Учурда 7 томдук соттук материалдардын 5-тому окулуп жатат.

Анын жүрүшүндө сот кеңешме бөлмөсүнө кирип кеткенде Салянованын тарапташтарынын бири прокурорго ар намыстуу болууга чакырышкан эле. Прокурор ага акыл үйрөтпөө керектигин айтты. Андан сырткары ал учурдагы ар бир сөзү жазылып жаткандыгын баса белгилеп, айткан сөзү үчүн мыйзам алдында жоопкерчилиги бар экенин айтты. Ага жооп кылып Салянованын жарандык жактоочулары "жашоо келме кезек, сенин башыңа да дал ушундай тагдыр туш келүүсү мүмкүн" дешкенде, прокурор аларга акыл айтпоону суранды. Аягы курч кайым айтышууга жетип прокурор эшикке чыгып кетти.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.






Прокурор Салянованын тарапташтары менен кайым айтышты (30.08.17)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
30.08.2017. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Во,кыйын болгон сотторду эми королучу гана.....Сыртка чыгып кеткидей ал прокурор чон энесинин уйундо же кайненесинин уйундо отурат бекен ыя???
Бул деген ошол жердеги адамдарды,сотту тоготпогондук,силер кимсинер мен учун,тфу тфу дегендик!!!!!!!
30.08.2017. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соттордунн чон атасынан мураска калган жер бекен кааласа чыгып,кааласа .
31.08.2017. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Муну да каматып тынат окшойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: