super.kg logo

Санкт-Петербургда жол кырсыгына кабылган 20 жаштагы Кыргыз кызга каражаттын жетишсиздигинен 15 күндөн бери операция жасалбай жатат

 

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 1997-жылы туулган Абдикаим кызы Мадина жол кырсыгына кабылып, учурда аталган шаардын ооруканаларынын биринде жатат. Кырсык 16-августта кечки саат 8:00 чамасында болгон. Ал эми Мадинаны сүзүп кеткен адам ага жардам көрсөтпөстөн окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Бул тууралуу жабыркаган кыздын бир тууган агасы SUPER.KG`ге айтып берди.

"Карындашым 16-августта кечинде жумуштан чыкканда кырсыкка учураган экен. Биз аны издеп эки күндөн кийин ооруканадан таптык. Буту 5-6 жерден сынып кетиптир. Күбөлөр карындашымды мотоцикл коюп кеткенин айтып жатышат. Тилекке каршы, Мадина азыр ал окуяларды толук эстей албай жатат. Ошондуктан укук коргоо органдарына да кайрыла албай жатабыз. Элчиликке барсак, бизге "жактоочу таап, ошол аркылуу иш жүргүзгүлө" деп сунуш беришти. Азыр чынында адвокатка эмес, ооруканага да акчабыз жетиштүү болбой коомчулуктан жардам сурап жатабыз", - деди жабыркаган кыздын бир тууган агасы Алишер Жолоев.

Абдикаим кызына 16-августта дарыгерлер биринчи операциясын жасашкан. Алишердин айтымына караганда Мадинанын жамбашы, буту сынган. Анын бутуна туруп кетиши үчүн дагы үч операция жасалышы керек. Бирок каражат жок болгондуктан жабыркаган кыз ооруканада, оор абалда күн өткөрүүгө аргасыз болууда.

"Карындашыма биринчи операция биз аны издеп тапканга чейин эле жасалган экен. Дарыгерлер дагы үч жолу операция жасалышы керек экенин айтышты. Ар бир операция 150 миң рублдан болот экен. Ошондо 450 миң рубль акча табышыбыз керек болууда. Башында ата-энебизге сарсанаа болбосун деп айтпай жатканбыз. Кийин айтууга мажбур болдук. Азыркы учурда апам келип карындашымды карап жатат", - деди Алишер Жолоев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(15)
31.08.2017. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Баарыбызга жардамга муктаждарга жардам бергенди насип кылсын.россияда жүргөндөр аракет кылып колдон келишинче жардам берели.кимге каяка жөнөтүш керек.
31.08.2017. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Tolkun555,Туура айтасыз, колдон келишинче жардам берели... 1000 адам 500 дөн берсе же 2000 адам 250 дөн берсе чоң жардам болот.. Бул жака жазып койуңуздар, кимге жиберишти.
31.08.2017. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ulanbek1992, Tolkun555, саламатсыздарбы! Алишер Жолоевдин байланыш номерлери - 8965-009-6691, +996 778 285 091 (whatsapp).
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-08-31 16:11:58
31.08.2017. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
озбек окшойт бул
31.08.2017. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
kg_emilbekov,жардамга мукташ адамдын улутун карабаш керек тууган
31.08.2017. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kg_emilbekov,улутчулдукту качан
коесунар озбек адам эмеспи
31.08.2017. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ayday kuz akchanyn ayinan ayip boluptur.turmuw kurup uyundo ele bala karap jatsa bolmok
31.08.2017. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын жарандарына мед страховый полис болсо бекер эле жасамак болуш керек врачтар менен суйлошсунда полис жарайбы деп жараса Бир саатта временный полис бермек да болгону трудовой договор , перевед поспорт, СНИЛС, ИНН, миграционной карта, Регистрация копия керек телет мен ооруп 1 айлап Москва больнитца бекер дарыланып жаткам полис менен
31.08.2017. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Откондо да Москва тааныш биролор операция акча таппай журуптур айтып тушундурсом врач алып келгиле полис дептир шак эле Бир саатта эле жасатып апар менен эле операция жасашты
31.08.2017. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
taalai9411,менда айтайын дедим эле.полис без платно жасашат.жарайт полис
31.08.2017. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Банк счетуну жазып койгула ,сураныч.Айыгып кетсин,жапжаш кыз экен,Ойлоймун эч Ким карап отурбастыр,жок дегенде 10 рубльдан салсак да жыйналып калат,Тамчыдан кол куралат дейт.
31.08.2017. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Билгендер айтып койгулачы ИНН,СНИЛС эмне үчүн кк.Сөзсүз жасаш керекпи?
01.09.2017. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
super.kg вотсапптан бир кыз россияда моргдо калып кетти жакындары табылбай деп улам жонотуп атышкан.билип берсенер жакшы болмок
01.09.2017. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulnaz.GS, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
01.09.2017. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ааа
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: