Президент Атамбаев: “Сакалды сербейтип алып түнү менен намаз окугандан көрө бир саат билим алган жакшы”
Бүгүн, 1-сентябрь - Билим күнүндө өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чоң-Таш айылына курулган Сүймөнкул Чокморов атындагы жаңы мектептин ачылышына катышты. Мектеп жаңы окуу жылына окуучулар үчүн белек болду. Өлкө башчысы жаш муундар үчүн билим алуу маанилүү мезгилдин талабы экенин айтып, сөз сүйлөдү.
“Куранда биринчи сөз "билим" деп башталат. Азыр сакалдарын сербейтип алып жүрүшөт. Түнү менен намаз окугандан көрө, бир саат билим алган жакшы. Эгер динге ишеним күч болсо ошол диндин китептерин да окуш керек. Менин суранарым, биринчи кезекте балдарды окуталы. Астрономияны окусун, керек болсо физика, химияны окусун. Бул билим деген исламдан келип чыккан”, - деди өлкө башчысы.
Айта кетсек, жаңы курулуп ишке берилген мектеп 150 орунга ылайыкташкан. Мурдагы эски мектепте 80 эле орун болгондуктан окуучулар мектепке батпай башка жакынкы айылдарга барып билим алууга мажбур болушчу.
-1

Супер-Инфо
super.kg видео

















Илим алуу болсо шарт. Жогоруда бироо жазгандай, биринчи тушкон аят ИКРА болгон. Аны туз которсон ОКУ деген мааниге келет дешет бирок кээ бир аалымдар анын маанисинин кенен экенин, коз салуу, изилденуу деген маанилерге келээрин айтышат.
Азыркы убакта эн башкы проблема сабатсыздык болуп атпайбы! Динди да, физиканы да уйронуш керек эмесе артта кала беребиз!Капыр деп, ошолор чыгарган телефонун колдон