super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Панфилов районунда белгисиз адам ишкерге кол салганы боюнча кылмыш иши козголду

 
Кылмыш иши катталган аймак.

"Соңку кабардын" "Элдик кабар" бөлүмүнө бүгүн окурман 1-сентябрда болгон адам өмүрүнө кол салуу боюнча кабар жөнөткөн. Чүй облусуна караштуу Панфилов районунда катталган ишкерге кол салуу окуясы боюнча Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы маалыматты тастыктап, буларды билдирди:

"Окуя кечээ, 1-сентябрда Панфилов районунда кечки саат 17:30 чамасында орун алган. Анда Панфилов айылынын 67 жаштагы тургуну С.Н. аттуу жарандын үйүнө белгисиз адам курал менен кирип кол салган. Эшиктеги куралдын атылган үнүнөн үйүндөгү 42 жаштагы С.А. аттуу баласы терезеден карап, белгисиз адам атасына ок чыгарганын көрөт. Үй ээсинин үйүндө 12-калибрлүү куралы болгон. Баласы ал куралды колдонуп, белгисиз жаранга ок чыгарган. Жыйынтыгында кол салган адам каза таап, ал эми үй ээси шектүүнүн огунан жаракат алган.

Каза тапкан адамдын жанындагы спорттук сумканы текшерүүгө алганда ичинен медициналык бет кап, уюлдук телефон жана сим-карталар, фонарик, ок-дарылар, электрошокер жана ким экендигин тактай турган документтери чыкты. Ал 1986-жылы туулган Ж.Максат аттуу жаран болгон. Учурда окуянын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренеси боюнча (адам өлтүрүүгө аракет жасоо) кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.09.2017. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Урматту админ бул жакка жазганым учун кечирим сурайм жаны катталганыма байланыштуу "коом жана турмуш" рубрикаларына коментарий жаза албайт экем улуттук онкологиядагы врачтар аябай корс мамиле жасашат ооруп барсан тияк бияктан эле акча ала беришет жакбаганыны кабыл албай койушат ошолорду текшерген чара коргон адам барбы билип бериниздерчи сураныч
04.09.2017. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jumahmatov, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: